Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Президент Акаев: «КМШда биринчи болуп туруктуу Конституцияны кабыл алдык»


Бишкектин №1128- шайлоо участкасына добуш берүү үчүн президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен келди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип Акаев: «Бүгүн калкыбыз референдумду колдоп берсе Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинде биринчи болуп туруктуу Конституциясын кабыл алат»,-деп билдирди. Конституция 2010-жылга чейин Комплекстүү өнүгүү негиздерин ишке ашырууга, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты камсыз кылууга жана «Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө» деген жаңы улуттук идеяны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин жарыя кылды.
Оппозициячыл күчтөрдүн референдум эрте өтүп жатканы жөнүндөгү сын пикирине негиз жок, долбоорду даярдоого конструктивдүү, радикалдуу оппозиция өкүлдөрү тартылып, алардын айткан сунуш-пикири эске алынды, деп билдирди президент.
Акаев КМШдагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүн шарттай турган саясий- экономикалык эки багыты бар. Анын биринчиси -Конституциянын жаңы редакциясы,экинчиси - Комплекстүү өнүгүү негиздери, деп билдирди. Бул багытты толугу менен ишке ашырсак 5-7 жылдан кийин Кыргызстан туруктуу экономикалык өнүгүүнүн тилкесине түшөт, деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG