Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:16

Элдин 70% референдумду колдойт


Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы республика боюнча шайлоо участкаларында өз алдынча байкоо жүргүздү. Аталган уюмдун төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, бардык шайлоо участкаларында референдумдун башкы принциптери сакталып, добуш берүүнүн ыктыярдуулугу жана купуялуулугу камсыз кылынды, эч кандай адам укуктарын бузуулар жана кысымчылык жасоо аракеттери жасалган жок: «Жалпы жонунан демократиялык принциптер, адам укуктары бузулган жок. Элдин маанайы жакшы. Шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болуп жатат. Бул жакшы көрүнүш. Социалдык сурамжылоолор боюнча шайлоочулардын 70 пайызы референдумду колдойбуз деп айтышууда»,- деп билдирди Токтайым Үмөталиева.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG