Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Аксыдагы референдумда мыйзам бузуулар катталды


Референдум өтүп атканда Жалалабад облусунун Аксы районунун Аксуу айыл өкмөтүндө мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу референдумду көзөмөлдөөчү коомдук штабдын Аксы районундагы бөлүмүнөн кабарлашты. Алынган маалыматка караганда, Аксуу айыл өкмөтүнүнүн 342- шайлоо участогунда Ниязов Мамадаалы аттуу жаран шайлоо участкасынын башчысы Ташпаев Исактын көзүнчө үч паспорт менен келип добуш берген. Окуяны каттаган протоколго «Эркиндик», «Асаба», «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү кол коюшкан. Ушул эле айыл өкмөтүнүн №342- Коргонтөбө участогунун шайлоо комиссиясынын башчысы Абдеспаев Мамат шайлоо участогуна көз карандысыз байкоочуларды киргизбей койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG