Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

ӨЗБЕКСТАНДА ИНТЕРНЕТТИ ПАЙДАЛАНГАНДАРДЫН САНЫ ӨСТҮ, БИРОК КААЛАГАНДЫН БААРЫН ОКУУ МҮМКҮН ЭМЕС.


Улан Алымкул уулу, Прага Өткөн аптада Өзбекстан былтыр өлкөдө Интернетти пайдалангандардын саны эки эсеге көбөйгөнүн жарыялады. Жогорудагыдай жаңылык менен бирге түшкөн кабарларга караганда, ошол эле учурда өз беттеринде өзбек өкмөтүнө каршы макалаларды чыгарган интернет-сайттардын колдонулушуна тоскоолдуктар жасалуууда. Жакында көрүлгөн чараларга ылайык, андай интернет-сайттардын бир нечесин азыр Өзбекстанда ачуу мүмкүн эмес.

Расмий маалыматтар боюнча 2001-жылы Өзбекстанда Интернетти пайдаланган адамдардын саны 137 миң эле. Былтыр бул көрсөткүч 275 миңге көтөрүлдү. Бирок, Борбор Азия өлкөлөрүндө Интернетти колдонгондордун саны көбөйгөнү менен андан талаш жараткан маалыматтардын баарын окуу мүмкүнчүлүгү дээрлик чектелүү. Маселен, жакында "Centrasia. ru"деген интернет- сайтка электрондук почта аркылуу өзбек бийликтеринин дарегине кескин сын айткан бир нече макалалар жиберилгенден кийин, Өзбекстанда бир катар интернет-сайттарга тыюу салынды. Башкача айтканда, өзбек бийликтери тарабынан көрүлгөн чараларга ылайык, Өзбекстанда азыр жергиликтүү эмес сайттардын бир нечеси ачылбайт.

"Centrasia. ru" интернет-сайтына өзбек президенти Ислам Каримовду жана өкмөттү сындаган макалалардын алгачкысы январь айынын башында түшкөн. Андагы макалалардын автору ирээтинде Усман Хакназаров деген саясий аналитиктин ысымы көргөзүлгөн. Хакназаров бир же бир нече адамдын псевдоними экени анык белгисиз. Өзбекстандын "UzLand. uz" интернет-сайты Хакназаров деген автордун артында бир нече киши турат деп эсептейт. Усман Хакназаровдун аты менен жазылган макалаларда өзбек өкмөтүндөгү коррупция жана жердешчилик, тууганчылык саясаты жөнүндө айтылат. Ошондой эле президент Ислам Каримов менен өзбек өкмөтүнүн өкүлдөрү ортосундагы тикелей сүйлөшүүлөрдүн мазмунун, мамлекет башчысы бийлигин бекемдөө үчүн кандай аракеттерди көрүп жатканын чагылдырган макалалар бар. Хакназаровдун макалаларынын мазмуну өзбек коомчулугуна, өзгөчө Ташкенттин ичинде кеңири тарап кеткен эле. Бирок, жергиликтүү тургундардын ага карата пикирлери ар башка. Алардын бири:

- Мен Усман Хакназаровдун макалалары жөнүндө уккам. Бирок анын жазгандарынын канчалык акыйкат экендиги тууралуу бир нерсе айтыш кыйын. Менимче, муну убакыт көргөзөт.

Ал эми экинчи бир өзбек тургунунун айтымында:

- Бул макалалар диктатордук бийликти кулатуу аракеттеринин алгачкы белгиси. Биз аларды ушундайча кабыл алышыбыз керек. Ал макалалардагы маалыматтар узак даярдыктан жана терең ойлонуудан соң берилген.

Белгилей кетчү жагдай, Хакназаровдун аты менен жарыяланган макалалардын айрымдарындагы ырастоолор бири экинчисине каршы келет. Алсак, алардын биринде президент Ислам Каримов өзбектердин бийлик талашкан кландарынын ортосунда калганы айтылса, экинчисинде ал эч кимге моюн сунбаган диктатор катары мүнөздөлөт. Батыш журналистикасынын стандарттарынан караганда, алардын мазмунунун көпчүлүгү каңшаар кеп катары бааланышы мүмкүн. Шерзод Худраткоджаев өзбек президентинин басма сөз борборунун өкүлү. Ал Интернетте жогорудагыдай мазмундагы макалалар саясий жүйөөдөн улам чыгып жатканын айтат:

- Бир нерсе ачык белгилүү. Өзбекстандагы өзгөрүүлөр менен жаңылануулар, өзбек жетекчилигинин көз карандысыз тышкы саясаты, эл аралык чөйрөдө соңку эки-үч жылда жетишкен ийгилиги жана кээ бир маселелердеги принципиалдуу позициясы баардыгына эле жага бербейт. Менимче, белгилүү бир күчтөр Өзбекстанга каршы маалымат чабуулуна кызыкдар.

Жергиликтүү интернет-сайттардын кээ бирлери да жогорудагыдай аракеттерди Өзбекстанга каршы "маалымат согушу" деп баалашты. Маселен, "UzLand. uz" сайты мунун артында жакында Өзбекстанды президент Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салууга аракеттенгендерге көмөк көрсөткөнү үчүн айыптаган Түрмөнстан тураарын жазып чыкты. "Centrasia. ru" өңдүү орус тилдүү сайттардын окулушуна Өзбекстанда мурдатан эле чектөөлөр коюлуп келген. Жергиликтүү тургундардын жөндөмдүүлөрү аларды кандайдыр бир башка жолдор менен окуй алганы менен ал сайттардын көпчүлүгү кеминде соңку эки аптадан бери ачылбайт. Сүргүндө жашаган өзбекстандык оппозициячыл саясатчы Мохамед Солихтин пикиринде, Хакназаров деген автордун бар же жок экендиги мааниге ээ эмес. Маанилүүсү - анын ысымы менен жарыяланган макалалардын айланасындагы талкуулар өкмөт уруксат бербеген маалыматка өзбекстандыктар канчалык ач экенин көргөзгөнү:

- Балким Усман Хакназаров бир адам,же анын макалалары бир нече адам тарабынан жазылган. Макалаларды ким жазганы маанилүү эмес. Ал макалалар Өзбекстандын ичиндеги адамдар чындыкты билүүнү канчалык эңсээрин көргөзгөнү. Макалалардын баалуулугу ушунда.

Айтор, Өзбекстанда Интернетти пайдалангандар саны өсүп жатканына караганда, өз кезегинде маалыматтардын негиздүүсүн, негиздүү эмесин да каалагандардын саны көбөйөөрү шексиз.
XS
SM
MD
LG