Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:53

2-ФЕВРАЛДА КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛПЫ ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮЛДҮ


Бүгүн, 2-февралда, Кыргызстанда Конституциянын жаңы редакциясына кабыл алуу боюнча элдик референдум болду. Борбордук шайлоо комиссиясы анын алгачкы жыйынтыгын түнкү саат ондо жарыя кылып, референдумга шайлоочулардын 83 проценти катышкандыгын кабарлады. Бишкектик милиция айрым оппозициячыл жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн бир нече саатка көчөдө кармап, алардын байкоочу катары иш-аракетин үзгүлтүккө учуратканы да маалымдалды. Убактылуу кармалып, бошотулгандардын арасында депутат Өмүрбек Текебаев да бар.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин добуш берүү токтогондон эки саат өткөндөн кийин берген алгачкы маалыматына караганда, референдумда тизмеге алынган шайлоочулардын 83 проценти добуш беришти:
- Бүгүн биздин эл туура,биздин элге керектүү чечим кабыл алды.Анын алгачкы так жыйынтыгын эртең саат 12ге чейин билебиз.Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана жаран катары элдин абдан активдүүлүгү мага жакты.Бүгүнкү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгы боюнча элдин 83 проценти катышты.
-

-
Сулайман Иманбаев акыркы расмий жыйынтык 5-февралда жарыяланаарын билдирди.Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Талас, Нарын жана Чүй областтарынын калкы добуш берүүдө активдүүлүктү көрсөтүштү.Бишкек шаарынын тургундарынын 73 проценти добуш берүүгө катышты. Борбор калкынын референдумга катышуусунун башка региондорго салыштырмалуу төмөн болгондугунун себебин Сулайман Иманбаев мындайча түшүндүрдү:
-

- Башка региондорго, айыл жерлерине караганда шаарларда дайыма эле ушундай. Себеби,жалпы дүйнөдөгү салт ушундай. Шаардыктар шайлоого да, референдумга да аз катышат. Элет жеринде бизде 200, 500 адам жашаган айылдар бар. Ал жердегилер 100 процент катышат. Ооруп калганы, кары-картаңдарына чейин барып добуш беришет. Бул өзү салт болуп калган. Бирок, аларды эч ким мажбурлап добуш бердире албайсыз.

Ал эми добуш берүүдө жалпы республика боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына болгону 17 даттануу арызы келип түшкөн. Анын көпчүлүгү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бирөөнүн добуш бериши тууралуу болсо, алтоо бейөкмөт уюмдар коалициясынын байкоочулары бир участкага бир нече байкоочусун жибергендиги боюнча түшкөн. Үч даттануу Ош мамлекеттик, Кыргыз улуттук университеттеринде жана Бишкектеги Шубин атындагы орто мектептеги участкаларда бирөөлөр үчүн добуш берүүлөр болгондугу тууралуу түшкөн. Сулайман Иманбаевдин айтымында, бирок, бийлик өкүлдөрү, шайлоо комиссиялар тарабынан бир дагы мыйзам бузуу катталган эмес.

- Андай бир дагы факт түшкөн жок. Ошондой мыйзам бузулду, эки түптүү урна табылды же болбосо ошолор тууралуу бир байкоочу келип айтты деген бир дагы арыз, кабар түшкөн жок. 17 арыз түштү. Мыйзам бузуу жөнүндөгү калган арыздар негизинен ар бир шайлоо участкасында болот. Алардын баары бизге жетип келген жок. Комиссияларга түшкөндөрүн ошол комиссиянын мүчөлөрү карап көрүшөт, жүйөөлүү, негиздүү болсо оңдоп, чара көрүшөт. Ал эми жүйөөсүз болсо тиешелүү жообун беришет. Эми референдумдай чоң саясий иште, көп кишилер иштеген жерде талаш-тартыштар болбой койбойт. Биздин элибиздин маданияты ушундай экен. Жеке эле биз эмес чет элден келген байкоочулар бүгүн Ошто студенттердин паспортторун жана тизмеге койгон колдорун текшериптир.Байкоочуларга мындай укук берилбейт.

Ал эми референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча оппозициячыл күчтөр түзгөн республикалык штабдын жетекчисинин орун басары Жыпар Жекшеевдин баамында, референдумда добуш берүү одоно мыйзам бузуулар менен өттү:

- Бүгүнкү референдумда мыйзам бузуулар өтө массалык түрдө болду. Мына башка региондорду айтпаганда дагы Бишкектин өзүндө эле ар бир райондун акимиатынын жетекчилеринин уюштуруусу менен бир канча автобустар, микроавтобустарга түшкөн адамдар бардык участкаларды кыдырышып, бир нече жолудан добуш беришти. Алар ал жерде катталышкапн да эмес, ал жерге документтери дагы туура келбейт. Бирок, комиссия мүчөлөрү биргелешип, биздин байкоочуларбызды милиционерлер ордунан кыймылдатпай кайтарышып, өз билгенин кылып жатышты. Мына ар бир участоктон чындыгында шайлоого катышкан адамдардын саны менен булар берип жаткан адамдардын саны асман менен жердей айырмаланат. Референдум болгон жок деп айтууга толук негиз бар. Бирок, биздин бийлик кылмыш жолу, уурулук жолу менен референдум өттү деп жарыялады. Бизде видеотасмага тартылган көп фактылар бар. Бизде далилденген, такталган фактылар бар. Аны эч ким тана албайт. Ушундан улам, менимче, Кыргызстан боюнча добуш берүү 40 проценттен ашкан жок, ал эми Бишкекте көп болсо 30 процентке жеткен жок.

Мындай мыйзам бузууларды расмий каттоого алуу үчүн Бишкектин №5 орто мектебинде жайгашкан шайлоо участкасына барган республикалык штабдын төрагасы, “Атамекен” партиясынын жетекчиси депутат Өмүрбек Текебаевди, анын орун басары, “Арнамыс” партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиевди жана башка байкоочуларды 60ка чукул милиционер тороп, алардын машинасын жана өздөрүн ал жерден чыгарбай төрт саат кармашты. Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кийлигишүүсү менен түнкү саат ондон кийин гана аларды койо беришти. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, буга «мажбурлап добуш бердиртип жатышат» деп көрсөтмө берген 18 жашка толо элек уланды уурдап кетишти деген шылтоо менен кармашкан. Аткаруу бийлигинин бул иш-аракетин Өмүрбек Текебаев кескин сынга алды:

- Бул,биринчиден провокация. Экинчиден, өздөрү жасап жаткан иштерин жаап-жашыруу максатында «Ууру күчтүү болсо ээси доого жыгылат» дегендей доо коюу. Алар адамдарды уурдап кетүү деген кылмыш ишин козгоп, штабда иштеп жаткан ыктыярдууларга кысым көрсөтүү үчүн жасаган аракет.

Бул чуулгандуу окуя тууралуу эч кандай маалыматы жок экендигин баса белгилеген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев оппозициянын өкүлдөрү добуш берүүгө тоскоолдук кылуу үчүн атайы эле айрым аракеттерди көрүштү деп билдирди:

- Тескери иштерди жасап, коомдук тартипти бузса эмне үчүн аларга чара көрүүгө болбойт экен? Биздеги кээ бир оппозиционерлер өздөрү сындаганды, бирөөлөрдүн кемчилигин айтканды, тентек кылганды, калп айтканды туура көрүшөт дагы, бирөө аларды калп деп айтса келип алып ушундай сөздөрдү чыгарышат.


№5 мектептеги бул окуяга Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, журналисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү күбө болушту. Андан тышкары бул күнү милиционерлер бейөкмөт уюмдар коалициясынын байкоочуларынын координаторлору Азиза Абдрасулова, Зубайра Исраилова жана «Жаш ордо» жаштар борборунун жетекчиси Шамиль Шаршек уулу түшүп баратышкан машинаны Бишкектин Белинский көчөсүнөн токтотушуп, кечки саат сегизден онго чейин машинадан чыгарбай кармап турушкан. Бул иш-аракеттин максаты тууралуу Азиза Абдрасулова мындайча оюн билдирди:

- Бизди кармап кеткендигинин негизги эле себеби - бизди бюллетендерди саноого катыштырбоо максаты болду. Бизди саат сегизге 20 мүнөт калганда кармашты да, саат ондон өткөндө гана койо беришти.Башка биздин эч кандай күнөөбүз же тартип бузуу болгон эмес.
XS
SM
MD
LG