Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ: «РЕФЕРЕНДУМ ИШКЕ АШКАН ЖОК»


Референдумга байкоо жүргүзүү боюнча коомдук штаб 2-февралдагы бүткүл элдик референдумга алгачкы баасын берди. Ушул эле күнү «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы өз байкоолорунун болжолдуу жыйынтыгын жарыя кылды.

Бүткүл элдик референдумга байкоо жүргүзүүчү штаб оппозициялык маанайдагы 12 партиянын жана 10 бейөкмөт уюмдун демилгеси менен 17-январда түзүлгөн. Референдумга чейин уюм Конституциянын жаңы редакциясынын элдик референдумга коюлушуна кайчы үгүттөрдү, ал эми референдум күнү байкоо иштерин жүргүздү. Штабдын атынан дүйшөмбүдө маалымат жыйынын чакырган «Арнамыс», «Кыргызстан демократиялык кыймылы», «Эркиндик» партияларынын жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидерлери референдум ишке ашпаганын бир добуштан билдиришти. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын төрага орун басары Жыпар Жекшеев:

- Биздин алгачкы болжолдуу маалыматтарыбызга караганда, Кыргызстанда референдум ишке ашкан жок. Добуш берүү учатокторуна шайлоочулардын 40 пайызга жетпеген бөлүгү келди.

«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин пикиринде:

- Акаев саясий жактан утулду. Көптөгөн райондордо добуш берүүгө 20 пайызга чейин эле келишти. Алардын ичинен да каршы добуш бергендер көп болду.

Мындай билдирүүлөрдү штаб мүчөлөрү добуш берүүгө шайлоочулардын массалык түрдө келбей коюшу, кайталап добуш берүүсү, участкалык добуш берүү комиссиялары тарабынан кошуп эсептөөлөр, бийликтин шайлоого кийлигиши өңдүү фактыларга негиздешти. Жыпар Жекшеев:

- Референдумду борборшайлооком жана анын жергиликтүү комиссиялары эмес, аткаруу бийлиги менен күч структуралары өткөрүштү. Байкоочулардын арасында коопсуздук кызматынын адамдары отурушту.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы, көз карандысыз байкоочу катары референдумга катышкан Төлөйкан Исмаилова:
- Эң чоң ыкшоолук болгонун биз көп участоктордо болгондо байкадык. Активдүүлүктү болсо автобустардын көптүгү менен гана байланыштырса болот. Башкача айтканда, бул жерде аткаруу органдарынын ким көбүрөөк шайлоочу жыйып келет деген гана мелдеши жүрдү.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, мамлекеттик шайлоо системасы мурдагы президенттик, парламенттик шайлоодон бери эле толугу менен аткаруу бийлигинин колунда турат.
Штаб мүчөлөрү билдирүүлөр фактыларга таянып жасалып жатканын жана алардын негизинде байкоолордун жыйынтыгы бир аптанын ичинде чыгарылаарын белгилешти.

Референдумга байкоолордун жыйынтыгы эки жума ичинде даяр болорун ушул эле күнү «Акипресс» маалымат агенттигинде өткөргөн пресс-конференцияда «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов билдирди:

- Менин пикириме көптөгөн участкалык шайлоо комиссиялары, бийликтер, оппозициялык күчтөр кошулушат деп ойлойм, мыйзам бузуулар референдумда парламенттик же президенттик шайлоо убагындагыдан көп болду. Бул эч болбоду дегенде парламенттик жана президенттик шайлоо учурундагы байкоочулардын көптүгү менен түшүндрсө болот. Анткени, байкоочулардын көп болушу карама-каршы пикирлерди жаратып, ортодо акыйкат балансты табууга мүмкүндүк берет.

Референдумга байкоо жүргүзүү боюнча коомдук штабдын өкүлдөрүнүн оюнча, байкоочулардын участоктордо байкоо жүргүзүшүнө толук мүмкүндүк берилген жок. Пресс-конференцияда айтылгандай, байкоочулар Нарын, Бишкек жана Аксыдагы көптөгөн шайлоо участокторуна киргизилбеди. Коалициянын байкоочулары да ушундай жагдайга кирептер болгонун Эдил Байсалов маалымдады. Пресс-конференцияда референдум учурунда Борбор шайлооком жана аткаруу бийлиги адам укуктарына, жарандык коомдун өнүгүшүнө кайчы келе турган жагдайларга жол бергендигин белгилешип, тараптар бул маселелерди мындан ары семинарларда жана тегерек үстөлдөрдө кеңири талкуулоону көздөп жатышканын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG