Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

ОБОНЧУ АПАС ЖАЙНАКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ТУУРАЛУУ


Аманбек Дилденбай, Бишкек Апас Жайнаков «Суранам» деген туңгуч обонун мындан туура 22 жыл мурда жараткан. Андан соң «Бийге чакыруу», «Тынчтык барда» аттуу ырлары бири-бирине окшошпогон өзүнчө музыкалык ыргактары менен ыр ышкыбоздоруна таанымал. Ал - айтылуу «Кыргыз жери» ырынын автору.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу Апас Жайнаковдун «Айгүл» аттуу ырынын жаралышына Баткендеги Айгүлтоодо өскөн гүл себепчи болгон. «Баткенде Карабулак деген айылдын жанында Айгүлтоо деген тоо бар. Ошол жерде Айгүл деген гүл өсөт. Аябай кооз, назик, ысыкка чыдабаган, апрелдин ортосунан майга чейин кулпуруп чыккан керемет гүл. Мунун бир сыры, Айгүлтоодон башка жерде жок. Баткенге айгүл гүлдөгөн убакта барып калган меймандарды тоого алып барып ошол гүлдү көрсөтөбүз. Ошонун таасиринен жаралган ыр»,- дейт Апас Жайнаков.

Апас Жайнаков «Суранам» деген туңгуч обонун мындан туура 22 жыл мурда жараткан. Андан соң «Бийге чакыруу», «Тынчтык барда» аттуу ырлары бири-бирине окшошпогон өзүнчө музыкалык ыргактары менен ыр ышкыбоздоруна таанымал. Айтылуу «Кыргыз жери» ыры тууралуу автор: «83-84-жылдары жазгам, сөзү Түгөлбай Байзаковдуку. Бул ырдын атын чыгарган Карамат эже болду. Бул киши менен биринчи жолу «Жаштык» радиосунун таңкы саат 6 уктурулчу берүүсүнө жаздыргам. Ошону менен аны такай таңкы саат 6 уктуруп жүрүштү. Андан кийин «Камбаркан» оркестринде, Рысбектин иштеп чыгуусунда Саламат эже ырдап чыкты», - дейт.

Апастын «Кыргыз жери» обону ыр ышкыбозу Индиранын айтымында: «Апас Жайнаковдун элге белгилүү ырларынын бири «Кыргыз жери» деген ыры. Бул ыр биздин мекенибиз Кыргызстандын улуулугун, кооздугун, кыргыз элинин кең пейилдигин даңазалоо менен элге бат сиңип кетти. Бул ырды Кыргызстандын экинчи гимни деп эсептесек болот».

Ильгиз Жунусов: «Апас Жайнаковдун ырларынын музыкасы угумдуу, ар бир сөз менен ошол ырдын мааниси менен шайкеш келип турат. «Кыргыз жерим» деген ырын ырдаганда, аны коштогон элдик аспаптардын кайрыгынан кандайдыр бир патриоттук дух сезилип турат» - дейт.

Ушу тапта Кыргызстанда обончу-аткаруучулар арбын. Саны бар сапаты жок, маани-маңызы тайкы ырлар республикадагы телерадиолордон байма-бай уктурулуп турат. Апастын жаш обончуларга карата пикирин сурасак, мындай жооп узатты:

- Мен кээ бир обон жазган адамдарды жазбай койсо деле болот деп коём. Себеби, бир нерсени жасаганда биз элибизге пайдасы тийе турган, көтөрө турган нерсени жазганга аракет кылышыбыз керек. Биздин балдарыбыз бар, ырдап жатат. Бүгүнкү техниканын өнүккөнүнө байланыштуу, компьютердик негизге салып,. түрктөрдүн, өзбектердин ырларын көчүрүп жатабыз. Биз ошого өзүбүздүн нак каныбыздан жаралган обон ыргактарын бере албай жатабыз.

Апас чыгармачыл инсандардын ортосундагы мамиле, муундар айырмачылыгы тууралуу мындай дейт: «Муундардын айрымачылыгы бар. Биз жаш кезде улуу муун обончулардын чыгармаларын көп укчубуз. Алардан рахат алчубуз, тарбиясын көргөнбүз. Жаштар бүгүнкү эстраданы жакшы көрүп угушат. Анан да музыкага гана маани берип, сөздөргө көңүл бурбай калышты».

Ыр ышкыбозу Наргизанын айтымында Апас Жайнаковдун ыры менен обону шайкеш, бири экинчисин толуктап турат. «Апас Жайнаковдун ырлары кыргыз элине белгилүү. Анткени ырларынын мааниси, сөздөрү аябай жакшы жазылган. Азыркы көп эле обончу, акындар бар. Кээ бирөө жакшы болсо, кээ бирөөнүкү эптеп бир-эки сөздү байланыштыра калып, эл алдына тартуулай беришет. Бирок, булардын ырлары элге көп өтпөй калат» - дейт Наргиза.

Гулбарчын деген студенткага да Апас Жайнаковдун чыгармалары жагат. «Апас Жайнаковдун «Өрүкзарга кетели», деген ыры мага сөзүнүн тактыгы, обон менен тексттин бири-бирине куюлушуп тургандыгы менен жагат. Ал эми өрүктөрдүн гүлдөп турган маалы жаштыктын, сүйүүнүн символу деп аталат эмеспи. Ошондой эле бул ырда сүйүүнүн пардасын толугу менен ачып көрсөттү деп айтсак жаңылышпайбыз» ,- дейт Гүлбарчын.
XS
SM
MD
LG