Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Ирактык күрд тобу эл аралык курал инспекторлорунун жолун тороду


Ирактын түндүгүн көзөмөлдөгөн күрд тобу Бириккен Улуттар Уюумунун курал инспекторлорун университеттин табигый илимдер факультетине киргизбей койду. Инспекторлор Ирак өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн коштоосунда жана алдын ала эскертпестен келишкен эле.
Салахуддин университети Масуд Барзанинин Курдистан Демократиячыл партиясынын көзөмөлүндөгү Арбил шаарында жайгашкан. Бул шаар Багдад бийликтерине баш ийбеген, жетекчилерин Америка Кошмо Штаттары колдогон аймакка карайт.

XS
SM
MD
LG