Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Нарын облусунун калкынын 97% 2-февралдагы референдумга катышты


3-февралда облустук референдум өткөрүү комиссиясынан алынган маалымат боюнча, шайлоочулар тизмесине киргизилген 139миң 600 шайлоочунун 97% өз добуштарын беришип, жумуруят боюнча алдыңкы орунга чыккан. Ал эми «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын атынан референдумга байкоо жүргүзгөн Турсунбек Акунов буларды билдирди: «№29-шайлоо округунда КДК партиясынын атынан мен Турсунбек Акунов байкоочу болдум. Ошол округда 924 шайлоочу бар экен, ошонун үчтөн бири гана 200, 250 гана өзүнүн көңүлдөрү менен добуш берүүгө келди. Ошол жерде айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, райондон барган өкүлдөр, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери үймө -үйдөн кыдырып, шайлоочуларды добуш берүүгө алып келип жатты».

XS
SM
MD
LG