Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Жалалабад облусундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы


3-февралдагы облустук бийликтин алдын ала билдирүүсүнө караганда, референдумга облустагы 444 миң 849 шайлоочунун 94% же 418миң 234 адам добуш берүүгө катышты. 33 участкалык комиссиядан маалымат келе элек. Республиканын Башмыйзамына өзгөртүү, толуктоолор киргизилишин добуш бергендердин 91, 48% жактады. Аскар Акаевдин ыйгарым укугун 2005-жылдын 31-декабрына чейин аткаруусуна 406 миң 860 адам «ооба» деп жооп берген. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» комитетинин облустук бөлүмүнүн төрагасы Медер Үсөновдүн маалымдоосуна караганда, референдумга аймак калкынын 30% катышты.

XS
SM
MD
LG