Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

А. Бекназаровду коргоо комитети Аксыда референдумга калктын 20% катышканын маалымдады


2-февралга белгиленген референдумга Аксы районунун калкынын 20% да катышпады. Ошондуктан референдум бул райондо болбой калды, - деп билдирди дүйшөмбү күнү 17-18-марттагы Аксыдагы кандуу окуяларда жараат алгандарды жана Азимбек Бекназаровду коргоо комитетинен. Комитеттин маалыматы боюнча, Карасуу добуш берүү участогундагы 2973 шайлоочунун 40ы, Каражыгач участогундагы 2470 шайлоочунун 140ы добуш берүүгө келген. Райондогу 49 шайлоо участкасынын көпчүлүгүндө ушундай абал болгон. Буга байланыштуу 3-февралда комитет Аксы район элинин атынан кыргыз калкына жана Омбудсманына кайрылуу кабыл алып, анда референдумду мыйзамсыз деп атап, акыйкаттык үчүн күрөш улантыларын билдирген. Ал эми Аксы райондук акимиятынан алынган маалымат боюнча, референдумга райондогу калктын 60% ашууну катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG