Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы референдум учурундагы кармоолор тууралуу маалымат таратты


Референдумда добуш берүү учурунда байкалган тартип бузуулар тууралуу 3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат таратып, анда 2-февралда кечки саат беш жарымда мыйзамчы депутат Өмүрбек Текебаев, «Ар намыс» партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиевдин жана бейөкмөт уюмдар коалициясынын байкоочуларынын кармалышынын себептери тууралуу кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкектеги Шубин атындагы музыкалык мектепте жайгашкан шайлоо участкасынын жанынан Биринчи Май райондук көрктөндүрүү комбинатынын жумушчусун белгисиз бирөөлөр «Мазда» маркасындагы автомашинага күч менен салып кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, ички иштер башкармалыгы түзгөн «Кармоо» деген план менен Текебаев жана Алиев түшкөн ал машина №5 орто мектептин жанынан кармалган. Ушул эле шек менен Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинен коалициянын байкоочуларынын координаторлору «Жаш ордо» уюмунун жетекчиси Шамиль Шаршек уулу, «Эркиндик» партия төрагасынын орун басары Азиза Абдрасулова жана Зубайра Исраилова кармалышып, эч кинеси жоктугу аныкталгандан кийин кое берилген. Кармалган адамдар 2-февралда бийлик аларды бюллетендерди саноо процессине катыштырбоо максатында тоскоолдук кылышкандыгын «Азаттыкка» билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG