Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Оппозициянын айтымында референдумга калктын 40% гана катышты


Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу жана президенттин ыйгарым укугун ырастоо боюнча Кыргызстанда референдум болбой калды. Байкоочулардын алгачкы маалыматтары боюнча, 2-февралдагы добуш берүүгө калктын 40% гана катышты. Бишкекте бул көрсөткүч 32% гана түзөт. Бул тууралуу 3-февралда референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын жетекчилери Жыпар Жекшеев, Эмил Алиев, Виктор Черноморец жана көз карандысыз байкоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди. Штаб референдумга көзөмөл жүргүзүүнүн толук жыйынтыгын 9-февралга чейин чыгарат. Шайлоочулардын аз келүүсүнүн себеби, алардын бийликтин кезектеги оюнуна каршылыгы, Конституциянын жаңы редакциясы менен таанышсыздыгы жана референдумду өткөрүүгө өтө кыска убактын бөлүнүшү болду, деп билдирди штаб мүчөлөрү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG