Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Референдумдун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралда жалпы элдик референдумдун алдын-ала жыйынтыгын жарыя кылды. Маалыматка караганда, добуш берүүгө 2 миллион 463 миң 676 шайлоочунун 2 миллион 128 миңи катышты, бул 86, 38% түзөт. Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга макул деп 1 миллион 860 миң 921 киши добуш беришти. Каршы добуш бергендердин саны 253 миң 711 адам. 19 миң 119 бюллетень жараксыз деп табылган. Президент Акаев 2005-жылга чейин өз кызмат ордунда калышына макул деп добуш бергендердин саны 1 миллион 938 миң 457 адам. Каршымын деп 183 миң 975 адам, же 7, 46% шайлоочу добуш берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG