Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

РЕФЕРЕНДУМ ЖЫЙЫНТЫГЫН БИЙЛИК МУРДА ЭЛЕ ИШААРА КЫЛГАН


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 2-февралда өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы ар кандай талаш-тартышты жаратууда. Бийлик анын мыйзам бузууларсыз, ийгиликтүү өткөнүн билдирсе, оппозиция ага макул эмес. Эл аралык уюмдар азырынча өз пикирин билдире элек. Көпчүлүк эксперттер референдумдун жыйынтыгы бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн күчөтөт дешүүдө.

Референдум кандай өтөөрү, анын жыйынтыгы кандай болоору тууралуу көп эле айтылып келген. Жыл бою оппозиция: «элдин бийликке болгон ишеними жоголду. Эгер ишенбесеңер эл аралап, элден чындыкты угалы», - деп, референдум эгер эч бурмалануусуз өтсө, элдин добушун албай калат деп келишкен болчу. Эки тарап тең - бийлик да, оппозиция да эл бизди колдойт деп, өз ара тирешип келген. Акыры ортодогу тирешүү тил табышуу менен аяктап, алар өткөн жылдын август айында өлкөнүн келечеги үчүн эң оболу Башмыйзамды өзгөртүү зарылдыгын айтышып, аны өзгөртүү үчүн бир столго отурушкан. Башмыйзам бир айга жетпей жаңыланып, 2 ай элдин талкуусуна коюлуп, 10 күн эксперттик топ аны жаңыдан жазып чыгып, андан соң аны референдумга алып чыгаруу тууралуу мамлекет башчысы өз жарлыгын чыгарган. Элдик талкуу учурунда Ак үйдүн атайын иликтөө тобу эл аралап, референдумга коюлчу маселени элдин канча пайызы колдоп берээрин аныктап берген. Ошол эле учурда эл бийликке, айрыкча президентке эчак ишенимин жоготуп койду деген оппозициянын пикирин кошо сурамжылап, жыйынтыгында өкмөт аны да референдум аркылуу чечип алууну көздөп, экинчи суроо кылып, элдик добушка алып чыккан. Алардын бардыгын президент өзүнүн Жарлыгы менен элге жарыя кылган. Мына ушул күнү, тактап айтканда 13-январда элге кайрылуусунда Аскар Акаев алдыдагы референдумда элдин канча пайызы коюлган суроолорду колдоп чыгаарын айтып чыккан. Мына ошол күнкү кайрылуусунда ал тууралуу мамлекет башчысы мындай деп билдирген:

- Өлкөнүн Конституциясы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн ар кандай тартибин караса да, жаңы редакция юридикалык себептер боюнча жалпы элдик референдум менен гана кабыл алынууга тийиш. Муну менен бирге калктын көпчүлүк бөлүгү, 75 пайыздан ашыгы бул маселени референдум аркылуу гана чечүү керек деген пикир билдирди.

Оппозиция өкүлдөрү «Президент мындай кайрылуусу менен референдумдун келечек тагдырын чечип койду», - деп чыгышты. Мамлекет башчысы мындай пикирин референдум күнү добуш берген соң, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып дагы бир жолу кайталап: «70 пайыздан ашык добушка ээ болсом, менин ыйгарым укугум 2005-жылга чейин бышыкталат», - деп айткан. Бул жолу Ак үй жүргүзгөн социологиялык иликтөөлөр, ошондой эле президенттин айткандары туура чыгып, референдумдун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Башмыйзамдын жаңы редакциясын добуш берүүгө катышкан калктын 75,5%, ал эми президентти 78,68% шайлоочу колдоп берди. Борбордук шайлоо комиссиясы соңку маалыматты билдире электе эле, референдум ушундай эле көрсөткүч менен жыйынтыкталаарын бизге Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирген эле.

Бирок, жер-жерлерден «Азаттыкка» телефон аркылуу кайрылган карапайым калктын, ошондой эле ага байкоочу катары катышкан оппозициянын өкүлдөрү референдум мыйзам бузуулар менен өткөнүн, алардын добушун акимдер каалагандай өзгөртүп анан борборго жибергенин билдирип жатышат. Алайдан атайын телефон менен кайрылган бир абышка мындай деп айтты:

- Биздин добушубуз булак сымал алгач тунук эле агып отуруп, дарыяга айланганда ылайланып булганып калып жатат. Ал түгүл ылайланып буркан-шаркан аккан ал дарыя райондун борборуна жеткенде, аны акимдер кайра тоону көздөй тескери агызып койгон сымал болуп жатпайбы. Азыр ким ишенсин дарыя кайра тоону көздөй агып жатат дегенге.

Кыскасы, референдум кандай өттү, ал тууралуу талаш-тартыш дагы көпкө созулчудай болуп калды шекилденет.

XS
SM
MD
LG