Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Кошмо Штаттары шаршемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин Ирактын аскерий арсеналдарын ашкерелеген далилдер менен тааныштырат. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл жарыя кылганы жаткан документтерде, америкалык администрациянын өкүлдөрү ишендиришкендей, сенсацияуу маалыматтар камтылган. Мунун алдында Пентагон да журналисттерди Ирактагы согуштун болжолдуу пландары менен тааныштырды.

Кокус Багдадга кол салганга команда берилсе, Пентагон аны алай-дүлөй түшүргөн аба жапырыктары менен баштагысы келет. Бутага алынган обьекттер көктөн көз ачырбас жамгырдан бетер көнөктөтө бомбаланат жана ракетадан аткыланат. Бул үчүн баары болуп үч миңдей бомба жана ракета сарп кылынат. Соккуга алына турган райондордун кыйсыпырын түшүрө кыйратып,Пентагон муну менен Ирак жетекчилигинин, ири алдыда аскерий төбөлдөрдүн эрки майышат,армиянын каршылык көрсөткөнгө алы келбей калат, атүгүл абдаарып, алдаалаган маанай пайда болот деп ишенет. Иши кылып, ирак армиясынын толук ындынын өчүргөн соң, операциянын калган бөлүгү текейден оңой ишке айланышы ыктымал. Бирок америкалыктардын башкы аскери мекемесинде мындай планга ишеңкиребегендер да бар. Алар мунун баары түгөл ишке ашышы арсар, операциянын натыйжасы аскерий жетекчилик божомолдоп жаткандан таптакыр башкача болуп чыгышы да ажеп эмес деп эсептешет. Ал эми британдык маалымат каражаттарындагы апаздарга караганда, Иракты оккупациялоо үч жылга созулушу ыктымал. Аскери командачылыктын өкүлдөрүнөн чыккан маалыматтар боюнча, Ирак бир нече согуш тилкесине бөлүнүп,алардын ар бири коалицияга катышкан өлкөлөрдүн жоопкерчилигине тапшырылат. Коалицияга кошулганга Европанын сегиз өлкөсү даяр экендигин ырасташкан. Шейшемби күнү Австралиянын премьер-министри Жон Ховард да парламенттеги сөзүндө ушундай көз карашын билдирди. Дүйнө,Ховарддын сөздөрү боюнча,Ирак президентине ишенип жатып,чарчады. Ирак баштагыдай эле өзгөрбөстөн калды. Австралиялык премьердин ишениминде, Коопсуздук кеңешинин былтыркы резолюциясы эле Иракка каршы аскерий чараларды көргөнгө жетерлик негиз берет. Андыктан Кошмо Штаттары кошумча санкция албастан, аскерий кампания баштаса, Австралия аны колдойт, деп билдирди Ховард.

Вашингтондун экинчи айныбас союздашы – Лондон өкмөтүнүн башчысы Тони Блэр шейшемби күнү Франциянын курорттук Ле Турке шаарчасында француз президенти Жак Ширак менен жолугушуп, аны Иракка каршы аскерий кампанияга кошулганга көндүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жак Ширак немец канцлери Герхард Шрөдөр менен биргелешип, мындан бир аптадай мурда эле Ирактагы согушка каршы экендигин ырастаган.Бирок байкоочулардын болжолунда акыркы сааттарда ырасмий Париждин пикири өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Бери эле дегенде француз кабинетинин башчысы Жан Раффарен Кошмо Штаттары Коопсуздук кеңешинде жарыялаганы жаткан таныктарды жана ыспаттамаларды Париж өзгөчө ынтаа коюп, угат деп убада берди. Ак үйдүн өкүлдөрү ырасташкандай, мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин папкеси тандыргыс далилдерге, атүгүл сенсациялуу фактыларга шыкалды. Алардын арасында Ирактын биологиялык курал жасоочу көчмө лабораторияларынын сүрөттөрү, аларды кантип,кайда жашыруу керектигин талкуулаган Багдаддагы ырасмий бийлик өкүлдөрүнүн сөздөрү жазылган үнтасмалар жана башка таныктар бар.

Ирактын ырасмий өкүлдөрү болсо америкалык мамкатчы эмне айтары Багдадга азыртан эле белгилүү деп эсептешет.Улуттук көзөмөл башкармасынын жетекчиси Хасам Мохаммед Аминдин божомолунда, Вашингтондун бардык далилдери космостон тартылып алынган фото сүрөттөрдүн жалгамаланган бөлүктөрүнөн турмакчы. Алардын баарын Кошмо Штаттары Иракка согуш ачканга омок кылып пайдалангысы келет.Иш кайра жангыс оролго түшүп калгандыктан президент Саддам Хусейн эл аралык инспекциянын жетекчиси Хан Бликс жана МАГАТЭнин башчысы аль-Барадей менен жолугушуудан баш тартып,армияга согушка даярданганга көрсөтмө берди. Америкалыктар миллион солдат жиберсе,миллиону тең өлүм табат, деп ырастады Хусейн. Бул иште Хусейнге Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко көмөк көрсөтө турган болду.Минскиде шейшемби күнү Багдаддын элчисин кабыл алып, Лукашенко аны азыркы кырдаалда Иракка канча жардам керек болсо, Белоруссия ошончо өлчөмдө көмөктөшө тургандыгына ишендирди.
XS
SM
MD
LG