Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Москвада Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин эл аралык экономикалык форуму болот


БИШКЕК. 9-20-февралда Москвада Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин эл аралык экономикалык форуму болот. Ага курамына Кыргызстандын вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, өлкөнүн бул уюмдагы вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов кирген ири делегациясы катышат. Уюмга мүчө болгон мамлекеттерден тышкары, форумга чет мамлекеттердин ЕвразЭСтин алкагында инвестиция жасоону максат кылган ишкерлери да катышып, соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталган долбоорлордун бет ачаарын өткөрүшөт. Ал эми уюмга мүчө мамлекеттердин делегациялары Евразия мейкиндигиндеги интеграцияны, анын ичинде экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ишкер топтордун өз ара кызматташтыгын кеңейтүү, инвестиция тартуу маселелерин талкуулашат. 4-февралда мындай маалымат Базарбай Мамбетовдон алынды.

XS
SM
MD
LG