Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

«Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору аппеляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылат


БИШКЕК. Оппозициялык маанайдагы «Кыргыз ордо» гезитинин мүлкүн камакка алуу тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 15-январдагы чечимин жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна шаршемби күнү аппеляциялык арыз берилет. Бул тууралуу 4-февралда гезиттин башкы редактору Бекен Назаралиев билдирди.
Кыргызстандын бажы кызматынын башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиевдин арызынын негизинде Биринчи Май райондук соту «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жана анын мүлкүн камакка алуу тууралуу 10-январда чечим чыгарган. Ал чечимдин гезитти жабуу тууралуу бөлүгүн 15-январда райондук сот өз демилгеси менен өзгөрткөн. Бирок гезиттин мүлкү камакка алынгандыгына байланыштуу январь айынын башынан бери «Кыргыз ордо» гезити жарык көрбөй турат.

XS
SM
MD
LG