Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

ИРАККА КАРШЫ МҮМКҮН БОЛЧУ СОГУШТУН ТАКТИКАСЫ


Пентагон Иракка каршы мүмкүн болчу согушта кандай тактика колдонору согуштун жүрүшүндө эле ачык болбосо, ага дейре купуя сакталаары анык. Деген менен, аскерий эксперттердин айтышынча, америкалык күчтөр согуштун алгачкы күндөрү Ирактын коргонуу объекттерин тынбай бомбалап, ирактык аскерлердин эс-учун жыйнатпай психологиялык кысым көрсөтөт.

Иракка каршы мүмкүн болчу согушта Пентагон кандай тактика колдонот? Талдоочулар АКШлык аскерий жетекчилер менен өкмөт адамдарынын сөзүнүн негизинде жасаган прогноздорго караганда, согуштун биринчи күндөрү Ирактын аскерий объекттерине абадан көз ачырбай үстү-үстүнө бомба согулат. Көз карандысыз Лондондук аскерий эксперт Пол Бивердин айтымында, дембе-дем бомбалоонун башкы максаты-Ирак армиясын жок кылуу эмес, нейтралдаштыруу:

- АКШлык стратегдердин көздөгөнү ирактык күчтөрдү эрегишке көтөрүү, тактап айтканда, аларды үйүнө кайтууга мажбурлоо жана каруу жарагын таштатуу. Себеби, армия кийин стабилдүүлүктү камсыздоочу күч катары керек болот. Ирактагы жагдай тиешелүү нукта жүрүп отурса жана Саддам Хусейн кулатылгандан кийин өлкөдө стабилүүлүк болуусун кааласак, армия коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл экени күмөнсүз.

Ошон үчүн, абадан сокку уруу ирактык жоокерлерге каршылык көрсөтүү пайдасыз экенин уруштун биринчи эле саатынан тартып тастыкташы керек.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, Пентагондун планы боюнча, ирактык күчтөрдүн штабына, базаларына, өңүттөрүнө жана өлкөнүн байланыш түйүндөрүнө согуштун адепки 48 саатында космостон башкарылчу 3 миң даана бомба, ошондой эле, ракета урулат.

Демек, күтүлүп жаткан согушта 1991-жылкы “Чөлдөгү бороон” операциясынын алгачкы эки күнүндөгүдөн он эсе көп башкарылчу бомба колдонулат. Мындай бомбалар космостогу жандоочу аркылуу башкарылгандыктан, 1991-жылкы согушта колдонулган лазер менен башкарылчу бомба жана ракеталарга салыштырганда, бутаны алда канча түз мээлейт жана аба ырайынын шартына карабай бирдей колдонула берет.

Пентагондун стратегиясы боюнча, кубаттуу чабуул учурунда ирактык жоокерлер менен карапайым элдин чыгымы колдон келишинче аз болуп, бардык күч Ирак өкмөтүн чукул арада алмаштырууга багытталыш керек. Ошондо, калк АКШлык күчтөрдү баскынчы катары эмес, боштондук алып келген аскер иретинде кабыл алат дешет талдоочулар.
Пол Бивердин сөзүнө караганда:

- Кубаттуу чабуулдун артынан ирактык аскерлерге “Эгер тирүү калууну кааласаңар, куралыңарды таштап, үйүңөргө кайткыла” деп үгүттөгөн баракчалар таркатылат... Республикалык гвардиянын казармасына оболу ушундай баракчалар ташталып, андан кийин абадан сокку урулат.

65 миң аскерден турган Республикачылар гвардиясы Президент Саддамга түздөн-түз баш ийип, анын даярдыгы башка аскерлерден мыкты эсептелет. Бирок, алар техникалык жактан америкалык аскерлерге караганда начар жабдылган.

Ройтер жаңылыктар агенттигинин маалыматы боюнча, Иракка чектеш аймактарда жайгаштырылган АКШлык аскерлерде азыр 7 миң даана чамасында космос жандоочусу (сателлит) аркылуу башкарылчу, 3 миңдей лазердин жардамы менен жетектелүүчү бомба бар.

“Нью-Йорк Таймстын” боолгошунча, абадан сокку уруу мүмкүн болчу Ирак согушунда бир жумага гана созулуп, андан кийин коңшулаш Кувейт менен Түркияда жайгашкан америкалык күчтөр селдей каптап кирет да, Ирактын маанилүү объекттерин басып алышат. Вашингтон, эксперттердин айтышынча, союздаштардын кубаттуу күчүн көргөн ирактык аскерлер согушпастан багынып берет деген үмүттө. Андай артыкчылыкты камсыздоо үчүн, февралдын ортосуна чейин, бул чөлкөмгө АКШлык, британиялык жана австралиялык 180 миңге жакын аскер жайгаштырылат.
АКШ бүгүнкүгө карай Ирактын чек арасына чукул аймактарга 100 миңдей аскер топтогон.

XS
SM
MD
LG