Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

Пакистан президенти акыркы 30 жылда биринчи жолу Маскөөгө келди


Пакистан президенти Первез Мушарраф 4-февралда үч күндүк визит менен Маскөөгө келди. Сапар учурунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Игорь Иванов жана башка жетекчилер менен - Ооганстандагы абалды, эл аралык террорчулук жана баңгичилик менен күрөшүүнүн жолдорун жана Ирак менен Жакынкы Чыгыш маселелерин талкуулайт. Акыркы отуз жылда Пакистан жетекчиси Маскөөгө келген эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG