Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Израил өкмөтү арабдардын үйлөрүн бульдозер менен түрттүрүп жатат


Израил өкмөтү 4-февралда Газа тилкесиндеги Рафа аттуу качкындар айылында арабдардын бир нече үйүн бульдозер менен түрттүрүп салды. Тель-Авивдин айтымында, бул айылда жөөт кыштактарына кол салган террорчулар жашынган. Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Бейт Фурик айылында дагы бир арабдын үйү жок кылынды. Өткөн түнү бир араб жоокери жөөт айлына кирип, израилдик бир жаранды жарадар кылып кеткен. Эл аралык эрежелер боюнча, араб жерлериндеги жөөт айылдары мыйзамсыз курулган.

XS
SM
MD
LG