Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

БИШКЕК ШААРДЫК ИЧКИ ИШТЕР КЫЗМАТЫ КИШИ УУРДОО ФАКТЫСЫНА ОППОЗИЦИЯЧЫЛ САЯСАТЧЫЛАРДЫН БАЙЛАНЫШЫ БАР-ЖОГУН ТЕКШЕРЕ БАШТАДЫ


2-февраль - бүткүл элдик референдум күнү Бишкек шаардык ички иштер кызматы киши уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми 4-февралда бул фактынын негизинде шаардык ички иштер кызматы Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын жетекчилигин аңгемелешүүгө чакырып жаткандыгы тууралуу маалымат тарады.

Референдум күнү адам уурдоо боюнча кылмыш ишин козгогон Бишкек шаарынын милициясы уурдалган адамдын аты-жөнүн жарыялаган жок. Ал эми кылмыш козгоого негиз берген факт боюнча ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов төмөнкүдөй маалымат берди:

- 2-февраль күнү референдумдун учурунда “Шубин атындагы музыкалык мектептеги добуш берүүчү участоктун жанында жумуш кылып жүргөн бир жигитти бирөөлөр кызыл «Жигулиге» салып алып кетти, аны менен кошо «Мазда» машинасы жүрөт” деген билдирүү милицияга түшкөндөн кийин «Перехват (Жолун тороо)» деген операция ишке киргизилген. Анан 19.30 да кызыл «Жигулини» Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери кармашкан. Машинанын ичинде уурдалган бала жок болгон, бирок, эл депутаты Өмүрбек Текебаев жана «Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев болгон. Ички иштер башкармалыгынын башчысы, министрдин орун басары Кеңешбек Дүйшөбаев келип, ал жерде өз ара сүйлөшүү болуп, анан тарап кетишкен. Эми ошол баланы алып кеткен факт боюнча ички иштер кызматы иш козгоду.

Бусурманкуловдун айтымында, азыр уурдалган баланы милиция сурап жатат. Бишкек шаардык ички иштер кызматынын билдиргенине караганда, учурда бул факт боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеш үчүн коомдук штабдын жетекчилери, «Арнамыс», «Атамекен» партияларынын лидерлери Эмил Алиев, Өмүрбек Текебаев маектешүүгө чакырылууда.

Оппозициялык маанайдагы партиялардан куралган Референдумду көзөмөлдөө штабынын жетекчилери болсо бул жагдайдын саясат менен түздөн-түз тиешеси бар экенин белгилеп жатышат. 4-февралдын кечинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, аталган коомдук штабдын башчысы Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» берген интервьюсунда буларга токтолду:

- Биз эч кимди уурдаганыбыз жок. Бирок, ошентип иш козгоп, ошого тиешеси бар деген шектенүү менен Алиевди, мени, Жекшеевди кармап, машинабызды төрт саат тосуп турушкан. Жекшеевди бүгүн милиция издеп жүрөт. Мени да бир балээ кылбасын деп, Жогорку Кеңештин имаратынан чыкпай жүрөм.

Оппозициялык саясатчылардын пикирлерине караганда, тартип коргоо органдары тарабынан мындай аракеттердин башталышына референдумдун максатына жетпей калгандыгы тууралуу оппозициялык күчтөрдүн билдирүүлөрү себеп болуп жатат. Коомдук штабга бириккен оппозициялык күчтөр мындай билдирүүнү 3-февралда өткөргөн маалымат жыйынында жарыялашып, референдум учурунда мыйзамга кайчы аракеттерди жасагандыгы үчүн бийликти айыпташкан. Ушундан улам алар «бийлик оппозициянын референдумга карата кабыл алган чечимин жандыруу аракетин көрүп жатат» деген ойдо турат. Жыпар Жекшеев маселен, мындай дейт:

- Биз мыйзамды бузбай, таза иштегенибиз үчүн эч жерден бизди кармай албай, айласы кетип, бийликтегилер ошол баланы пайдаланып жатышат. Ал баланын айткандарын жаздырган үчүн (Жекшеевдин айтымында, аталган жаш жигит өз каалоосу менен штабга келип, бийликтин мыйзам бузууларын айтып, жазып берген.- автор) уурдап кетти деп гезиттерге чыгарып, баарыбызды жаманатты кылышууда. Эмил Алиев менен Өмүрбек Текебаевди милицияга алып кетип, суракка алып жатканы да ошондон. Мени да чакырат болуш керек. Мен эч жакка качпайм.

Бишкек шаардык ички иштер кызматынан чакыруу алганын ушул эле күнү кечинде билдирген «Арнамыс» партиясынын лидери Эмил Алиев бийлик бул жалган жалаа менен оппозициячыларды сот жообуна тартып коюшу да толук ыктымал деген ойдо:

- Күчтүн баары алардын колунда. Алар кандай кааласа ошондой жасап коет, соттоп деле коет. Куловдун деле мисалын карап көрөлүчү.

Ө. Текебаев болсо бийликтин мындай аракеттерине коомдук штаб басмырланбай турганын мындайча билдирди:

- Референдумдүн жүрүшүнө ушул бейшембиде баа беребиз. Басым көрсөтүп, коркутуп-үркүтүү биздин чечимибизге таасирин тийгизе албайт.

Оппозициялык саясатчылардын мындай көз караштары чеки деп эсептеген Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун пикири төмөнкүчө:

- Бул жерде эч кандай саясат жок. Болгону бул жоголгон кишини издеш үчүн ишке ашкан. Бул маселени териштириш үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө кайрылыш керек.

Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы, министрдин орун басары Кеңешбек Дүйшөбаев ушул эле күнү кечинде «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Өз сөзүндө ал факт боюнча аты аталган жарандар менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеп, Текебаевди, Алиевди, Жекшеевди кармоо, камоо жөнүндө эч кандай сөз жок экенин билдирди. Ички иштер кызматкерлери бул үчөөнүн аркасынан түшүп жаткандыгын 4-февралда оппозициялык саясатчылар билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG