Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

КЫРГЫЗ БАСЫЛМАЛАРЫНА БАЯНДАМА


“Агым”, “Кыргыз туусу”, “Эркинтоо”, “Аалам”, “Слово Кыргызстана”, “Моя столица”, “Вечерний Бишкек” – 4.02.03, “Таза инсан” №1. 02.

“Кыргызстандын саясат айдыңында ар түрдүү шоу-спектаклдер «аншлаг» менен өтүп жаткан маалы», - деп жазат шейшембиде жарыкка чыккан «Аалам» гезити. Журналист Төлөгөн Сулайманов Кыргыз улуттук университетиндеги референдум кандай өткөнүнө күбө болгон: «Тим эле социалисттик мелдеште план алгандагыдай көрүнүш. Жатаканаларда коменданттар ар бир студентти тизмектеп, тизме менен айдап жатканын көрүп бир иренжидик. Бийлик жеке кызыкчылык үчүн баарына барат экен. Дагы биз муну айтабыз, ОБСЕнин байкоочуларын түнкү саат 11.30га чейин камагандан коркпогон бийлик өз элинен коркмок беле!». Кенжебек Арыкбаев референдумга байкоо жүргүзүүчү коомдук штабдын айтканына таянып, добуш берүүгө жалпы элдин 40% гана катышканын, Бишкекте бул көрсөткүч 32% түзгөнүн, Аксыда шайлоочулардын 90% шайлоо участкаларына келбей коюшканын маалымдады.

«Референдумда эл утту . «Кыргызстан – адам укугун урматтаган өлкө» деген президент Аскар Акаев көтөргөн концептуалдык улуттук идеянын реалдуу жүзөгө ашыруучулары утту»,- деп жазды шейшембиде «Кыргыз туусу» гезити. Республиканын транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев ушул эле басылма аркылуу «Радикал оппозициячылардын сөзү арык аттап, суу кечпей» калгандыгын билдирди. Референдумду колдоого келген президент Акаевдин журналисттер менен жолугушуусу кандай өткөнүн Бактыгүл Чотурова баяндайт. «Биздин оппозициянын, партия лидерлеринин өтүнүчтөрү эске алынса да, биздин оппозицияга эч качан жакпайсың,- дейт президент Акаев.- Алар ар дайым бир тараптуу». Гезитте Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаевдин «Баткендин келечеги кең», Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин «Эки жыл ичинде ырлуу да, чырлуу да күндөр көп болду», Чүй облусунун губернатору Тойчубек Касымовдун «Сары өзөн Чүй кут конгон аймак» деген маектери жарыяланган.

«Агым» гезити шейшембидеги санында Жумагул Касымалиевдин «Акаев утту. Анан?..» деген макаласын жарыялады. Автордун айтымында: «Оппозиция канчалык чачын жулуп, бөйрөктөн шыйрак чыгарбасын, АКШ мамдепартаменти океандын нары жагынан билип-билбей канчалык тынчсызданбасын, кечиккенин шылтоолоп ОБСЕ тарап канчалык мулжуңдабасын, шайлоо участкасындагы эркин байкоочулар чымындын дыңылдагынан бери канчалык кайырмак салбасын – 2-февралдагы референдум өз муратына жетти. Башмыйзамдын оңдолгон-түздөлгөнүн калың эл колдоп берди». Журналист Баратбай Аракеев «Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду» деген макаласында бийлик билермандарынын «баарына оппозиция күнөөлүү» деген кинесине жооп кылып момундай сунушун билдирет: «Оппозиция лидерлеринен бирди калтырбай Акталаанын бир алыс айылына айдап барып, кашаа кармап тосуп, ошол лидерлерге эгин эктирип салбайбы десең».

«Референдумдун бардык маселелери өтө айлакерлик менен жасалды. Конституцияны жана бир өзгөртүп жиберүү жана анын үзүрүн көрүү идеясы кайсы бир коңулда көптөн бери өз саатын күтүп жаткан экен, аксылыктардын, оппозициянын талабы деген шылтоо менен ишке ашып кетти. 2005-жылдан кийинкиге үмүт артканга президентте мындан башка жол деле калган эмес»,- деп жазат Түгөлбай Казаков «Кардан камыр жасагандар» деген макаласында.

Референдум күнү аба ачык, элдин маанайы жарык болгонун шейшембиде «Эркинтоо» гезити «Ачык күндүн маанайы» деген кабарында маалымдады.

2-февралдагы референдум ийгиликтүү өткөнүн, калктын көбү эки суроого тең «ооба» деп жооп беришкенин шейшембиде «Слово Кыргызстана» гезити да чагылдырды. Президент Акаевдин кантип добуш бергени, ага Орусиянын Улуу Петр сыйлыгын тапшыруу аземинен репортаж, Кыргызстандын акйыкатчысынын офисинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзү гезитте жарыяланган.

Референдум өткөн күндү Атамекен патриотторунун күнү катары белгилөө зарылдыгын шейшембиде «Вечерний Бишкек» гезитинде Данияр Каримов жазып чыкты.

Президент Акаев бийликте тургандан бери эле карапайым калк турмушу оңолорун кайталап келатат, убадалар көп айтылды, эми күтө бергиле,- дейт Рина Приживойт «Ушуга сиз «макул» дедиңизби?» деген макаласында. Референдумдун кандай өткөнү Елена Скородумованын, Замир Өсөровдун макалаларында баяндалат. Кыргыз-өзбек чек ара проблемасына Вячеслав Тимирбаев «Көпүрөнүн ордуна тосмолорду куруп жатышат» деген макаласында кайрылган. Өзбекстан талаштуу деген жерлердин баарына тосмо коюп, андан карапайым калкка кошумча кыйынчылык туулуп атканы бийлик башчыларын ойлонтушу керек болчу, деп белгилейт автор.

Референдумга жуук «Таза инсан» жаңы гезитинин биринчи саны жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG