Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

КЫРГЫЗСТАНДА ПЛАСТИКАЛЫК КАРТА АРКЫЛУУ ЭСЕПТЕШҮҮ ЖАЙЫЛТЫЛАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 11-январда Улуттук Банк жана өкмөт «Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфрастуктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдар аралыгындагы иш-чаралардын мамлекеттик программасын» бекитишти. Анда эмгек акы жана пенсия төлөөнү, электр энергиясы, газ, суу жана башка коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү банк аркылуу - пластикалык карталар менен жүргүзүү каралган.

Өнүккөн өлкөлөрдө ишканалар бири-бири менен адатта банк аркылуу эсептешишет. Адамдар да чөнтөгүнө акча салып жүрбөйт. Алар айлыгын алаары менен банкка которуп коюп, бирдеме сатып ала турган болсо, пластикалык карта аркылуу акчасын төлөп коюшат. Бул ыңгайлуу экени талашсыз.

Кыргызстанда болсо эсептешүүнүн басымдуу көпчүлүгү накталай акча менен жүргүзүлөт. Мисалы, телефон жана газ акынын 38% гана банк аркылуу төлөнөт. Электр энергиясынын акысы 63% жетип, абал бир аз дурус. Бирок банк аркылуу төлөнгөн пенсия 6% ашпайт. Банк аркылуу төлөнгөн айлык болсо андан да аз. Эсептешүү накталай акча менен жүргүзүлгөндүктөн жүгүртүүдө накталай акча көп. Ал бизде депозитке караганда 2 эсе көптүк кылат.

Эсептешүүнүн накталай эмес түрүн жайылтыш үчүн Улуттук Банк өкмөт менен бирге атайын программа кабыл алды. Алар бул жерде жалаң эле калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатын коюп жаткан жок. Улуттук Банктын төрага орун басары Шамшыбек Маматканов:

- Биздин бул программаны кабыл алган максатыбыз - төлөмдөрдүн бардыгы банк аркылуу өтсө дейбиз. Банк аркылуу эсептешүү накталай эмес акчанын массасын жана депозитти көбөйтөт. Депозиттер көбөйсө, ал акчаны банктар экономикага инвестиция кылып салууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул программаны Улуттук Банк жалгыз ишке ашыра албайт. Ошондуктан биз аны өкмөт менен бирге кабыл алганбыз. Аны аткарууга бардык министрликтер, административдик ведомстволор, кызмат көрсөткөн ишканалар катышыш керек. Азыр жумушчу топторду түздүк. Ар бир коммерциялык банк менен иштешип жатабыз. Банк аркылуу эсептешүү зордоп киргизилбейт. Адамдар каалабаса айлыгын накталай акча менен алып, сатып алган буюмдары үчүн накталай акча менен төлөй беришет. Маселе накталай эмес эсептешүүнүн, мисалы пластикалык карта менен эсептешүүнүн артыкчылыктарын элге жеткирүүдө жана ага зарыл инфрастуктураны түзүүдө.

- Бирок ыңгайлуу, жакшы нерсе эч качан бекер болбойт. Кыргызстандын элинин жарымына жакыны жакыр жашаары маалым. Накталай эмес эсептешүүнүн баасы канча болот, аны карапайым калк көтөрө алабы?

- Албетте, бул бекер болбойт. Бирок бул кызмат бир топ эле арзан болот. Мисалы 2000 сомдон ашык акчаны накталай акчага которуп алыш үчүн 0,5% кармалат. Пластикалык карта 500 сом турат. Пенсиялык эсеп ачуу – 290 сом, жеке эсеп ачуу – 450 сом. Бир эле эсептен баардык коммуналдык төлөмдөрдү төлөп койсо болот. Ал акча депозиттен төлөнүп жаткандыктан ага банк процент төлөп берип турат, - деди Шамшыбек Маматканов.

Накталай эмес эсептешүүнү ишке ашырууда дагы бир тоскоолдук бар. Ал биздин банктардын чабалдыгы жана аларга ишенимдин жоктугу. Төрага орун басары Маматканов:

- 1998-жылдагы кризистен кийин 4-5 банк банкрот болуп, банктарга ишеним азайып кетти. Бирок акыркы жылдары банк сектору стабилдешип, оң тенденция бар.

Маматканов, мисалы банк сектору толугу менен турукташканда депозиттерди камсыздандыруу тартиби киргизилээрин айтты. Анын айтымында, эгерде кайсы бир адам тиги же бу банкка айлыгын которуп, ал банк банкрот болуп кетсе, өкмөт же Улуттук банк ал адамдын акчасын толугу менен кайрып бербейт. Алар акчанын сакталышына эч кандай кепилдик бербейт. Бирок банктар аралык атайын фонд түзүлүп, алар банкрот болгон учурда, аны кредиторлордун акчасын кайрып берүүгө пайдалана турган система түзүлүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG