Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Х.БЛИКС ИРАКТЫН “АЙЫБЫН АЧКАН” ДАЛИЛДЕРДИ ТАБА ЭЛЕК


Бириккен улуттар уюмунун каруу жарак инспекциясынын башчысы Ханс Бликстин соңку билдирүүсүнө караганда, ырасмий Багдад массалык кыргын салчу куралдарды өнүктүрүү программасы жөнүндөгү болгон маалыматтын баарын ачыкка чыгаруусу же андай куралдары жок экенин ырастаган ишенимдүү танык-далилдерди инпекцияга бериши шарт. Ирак лидери Саддам Хусейн болсо өлкөдө тыйуу салынган эч кандай куралы жана Багдаддын “ал-каидачылар” менен байланышы жок деп кайра кайталады.

14-февраль Ирак үчүн жана Иракты күчтөп куралсыздандыруу зарыл деген бекем көзкараштагы АКШ үчүн өтө маанилүү күн. Бул күнү Бириккен улуттар уюмунун аскерий инпекциясынын жетекчилери Ханс Бликс менен Мохамед ал-Барадейи Ирактын эл аралык эксперттер менен кызматташуусу жөнүндө Коопсуздук кеңешинде экинчи жолу доклад жасашат. Биринчи доклад 27-январда жасалган.

Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы Германиянын Улуттар уюмундагы элчиси Гюнтер Плойгердин айтымында, Х.Бликс менен М.ал-Барадейи 14-февралда жасоочу доклад “өтө маанилүү”. Себеби, Кеңеш докладдын негизинде инспекциянын иши ийгиликтүү жүрүүдө же Ирак БУУнун 1441-резолюциясын бузууда деп аныктайт. Эгерде, Кеңеш мүчөлөрү Ирак өз милдеттенмесин аткарбады деп тапса, Иракка каршы күч колдонуу жөнүндөгү резолюция талкууга коюлушу турган иш.

Ошентип, “чечүүчү докладдын” үстүндө иштеп жаткан Х. Бликс өткөн дем алыш күндөрү Багдадда сапарда жүрүп карама-каршылыктуу билдирүү жасады. Х.Бликстин айтышынча, инспекция текшерилчү жайлар жөнүндө маалыматты купуя сактап, ирактыктарга алардын тизмеси берилген эмес жана ирактыктардын тыйуу салынган материалдарды инспекторлордон жашыруу үчүн башка жактарга ташып кеткенин ырастаган далилдер табылбаган. Ал эми Багдаддын “ал-Каида” менен байланышы бар деген кепке токтолуп: “Юрист жана инспекциянын жетекчиси катары айтарым, мындай байланышты тастыктаган эч кандай танык-далилдерди көрбөдүм” деди Х. Бликс. Бирок, Иракта массалык кыргын салчу каруу жарагы жок болсо, анысын ишенимдүү тастыктаган далилдерди бериши керек деп эскертти Улуттар уюмунун инпекция башчысы.

Өзөктүк каруу жаракты текшерүүгө жооптуу М. Ал-Барадейи удаа эле жасаган билдирүүгө караганда, инспекторлор АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл шаршемби күнү Коопсуздук кеңешинде Ирактын жашыруун куралдары боюнча жасоочу докладды күтөт. Доклад үчүн 90 мүнөткө чейин убакыт бөлүнгөн. Пауэллдин доклады, биринчи кезекте, Иракка каршы күч колдонуудан алдын, инспекторлорго кошумча убакыт берүүнү жана текшерүүнүн жыйынтыгына карап иш кылууну жактап жаткан Франция, Кытай жана Россиянын позициясын жумшартууну көздөйт. Ал үчүн, Ассошиэйтед пресс агенттигинин маалымдашынча, Мамлекеттик секретар К. Пауэлл космостон тартып алынган фотосүрөттөрдү жана сателлиттен жазып алынган ирактык ырасмий адамдар ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүнүн аудиотасмаларын далил иретинде пайдаланат. Ошондой эле, Пауэллге АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин жооптуу кызматкерлери жардамдашат деп күтүлүүдө.

Ирак Президенти Саддам Хусейн шейшемби күнү көрсөтүлгөн телекайрылуусунда өлкөдө массалык жок кылуучу куралдары жок жана “ал-каидачылар” менен Багдаддын эч кандай байланышы
жок экенин айтып, “Ирак согушка кызыкдар эмес. Ирак жетекчилиги же карапайым калу согушту каалайбыз деп айткан эмес” деди Саддам.

XS
SM
MD
LG