Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

ЮГОСЛАВИЯНЫН МУРАСКОРУ - СЕРБИЯ ЖАНА ЧЕРНОГОРИЯ


Югославиянын ордуна Сербия жана Черногориянын союзу түзүлдү.Шейшемби күнү Югославиянын федералдык парламенти жаңы аталыштагы мамлекеттин Конститутциясын кабыл алды.Эми жаңы мамлекеттин биргелешкен институттарын түзүү жараяны башталды.

Сербия жана Черногориянын жаңы Конститутциясынын кабыл алынышы эми дүйнөнүн саясий картасында Югославия деген өлкө жок болоорун туюндурат. Ошентип, 75 жылга жакын өмүр сүргөн Югославия мамлекети тарыхка кирүүдө. Кезинде социалисттик Югославиянын курамында алты республика бар эле. 90-жылдардан кийин алардын экөөсү:Словения жана Македония Югославиядан тынчтык жол менен бөлүндү. Ал эми Хорватия жана Босниянын көз карандысыздыгы миңдеген адамдын өмүрүн алган кан төгүүлөр менен коштолгону белгилүү. Югославиянын курамында калган акыркы эки республика - Сербия жана Черногория болчу. Балканда стабилдүүлүктү сактоодогу негизги факторлордун бири катары алардын чогуу туруусу үчүн Европа Биримдиги көп күч үрөдү. Келечекте алар да бири-биринен бөлүнүп, өз алдынча кетиши ажеп эмес. Себеби, Сербия жана Черногория мамлекетинин жаңы Конститутциясы үч жылдан кийин толук көз карандысыздык маселеси боюнча референдум өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Муну өзгөчө Черногориянын лидерлери көздөөдө. Шейшемби күнү Конститутция Югославиянын федералдык парламенти тарабынан кабыл алынды. Негизги Мыйзамды анын алдында Сербия менен Черногориянын улуттук парламенттери жактырган эле. Жаңы Конститутцияга ылайык, Сербия менен Черногориянын коргоо жана тышкы иштер министрликтери гана жалпы болот. Президенти бир эле кезекте премьер-министрдин милдетин аткарат. Алдыдагы эки аптанын аралыгында Сербиянын жана Черногориянын улуттук парламенттери биргелешкен парламенттин 126 депутатын шайлоонун жол - жоболорун аныктайт. Андан кийин Югославиянын президенти Воислав Коштуница бул кызматтагы соңку чечимдеринин бири катары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши абзел. Бирок, алгачкы эки жылга биргелешкен парламенттин депутаттары жалпы эл тарабынан эмес, кайра эле Сербия менен Черногориянын улуттук парламенттери тарабынан шайланаары күтүлүүдө. Парламент болсо өзүнүн спикери менен катар Сербия жана Черногориянын жаңы президентин шайлашы керек. Азыркы федералдык парламенттин төрагасы Драголюб Микунович андан кийин аткарылуучу иш чаралар жөнүндө мындай дейт:

- Бир эле кезекте өлкөнүн премьер- министринин милдетин аткарган президенти парламентке бекитүү үчүн Министрлер Кеңешинин курамын сунуштайт. Эгер жактырылса ал өкмөт катары антка келтирилет. Андай болбосо Министрлер Кеңешин түзүү үчүн кошумча убакыт берилет.

Парламент ошондой эле Сербия менен Черногориянын биргелешкен сотун түзөт, эки айдын аралыгында желегин жана жыл аягына чейин гимни жана аскерлеринин кийими кандай болоорун аныктайт. Ал эми экономикалык тармакка жаңы мамлекеттин түзүлүшү кандай таасир бериши мүмкүн? Сербиянын премьер-министри Зоран Жинджич:

- Жыйынтыктар жакынкы аралыкта эки багыттан билинет. Биринчи кезекте биргелешкен рынокту түзүүдө. Чыныгы биримдикте Сербия менен Черногориянын жарандарынын укуктары бирдей болот, окшош мыйзамдарга туш келишет, бирдей корголушат.

Сербия менен Черногория жаңы мамлекеттин институттарын түзүүгө киришсе, Косовонун саясий чөйрөлөрү провинциянын көз карандысыздыгын жарыялоого кам көрүүдө. Алар Косово Сербия менен Черногориянын жаңы Конститутциясында камтылганына, Сербия премьер -министринин провинцияда 1000дей серб аскери менен полициясы жайгаштырылышына мүмкүндүк берүү жөнүндөгү жакындагы билдирүүсүнө нааразы. Косово парламентинин депутаты Бужар Дуголли:

- Парламенттеги ички эрежелердин негизинде 42 депутаттын талабына ылайык, Косовону көз карандысыз, суверендүү өлкө катары жарыялоо максатында, парламенттин чукул сессиясы 13-февралда болот.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши өз резолюциясында Косовону Сербиянын эмес, бирок федералдык Югославиянын бир бөлүгү деп тааныган. Провинциянын албан улутундагы саясатчыларынын айрымдары эми Югославиянын жоюлушу менен Косово да көз карандысыздык алышы абзел деп эсептешет. Ал эми эл аралык коомчулук Косовонун саясий статусу биротоло аныкталганга чейин ал Югославиянын мураскору – Сербия менен Черногриянын бир бөлүгү катары калышы керек деген пикирде. БУУнун Косоводогу миссиясынын башчысы Мишель Штейнердин билдиргенине караганда, алар провинция парламентинин көз карандысыздыкты жарыялоо аракеттерин токтомокчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG