Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

ФРГ: ЖОГОРКУ ОРГАНДАГЫ ЖООПТУУ ОЗУЙПА


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылуу милдети ушул айда Германияга өттү. Ырасмий Берлин буга өтө чоң маани берип жатат. Баарыдан мурда дал ушул айдын ичинде ирак проблемасы боюнча ООНдун жогорку бу органында маанилүү чечимдер кабыл алынышы ыктымал. Немец эксперттери Германиянын, айрыкча канцлер Шрөдөрдүн Иракка байланыштуу позициясы бир жагынан Берлиндин союздаштар арасында изоляцияда калышына, экинчи жактан коалициялык өкмөттүн өзүн жаңы проблемаларга туш кылышы мүмкүн деп жоромолдошот.

Коопсуздук кеңешиндеги төрагалык озуйпа негизинен уюштуруу иштери менен байланышкан милдеттерден турат. Төрага, атап айтканда, кеңештин бир айлык иш планын аныктайт, жыйындарда талкуу-талаштарга баш-көз болот. Бардык чечимдерди кабыл алууда кеңештин мүчөлөрү менен консультацияларды өткөрөт. Германия Коопсуздук кеңешине эки жылдык мөөнөт менен быйыл мүчө болду, ал эми февралдын биринчи күнү төрагалык милдетти өзүнө өткөрүп алды. Буга байланыштуу шейшемби күнү немец элчиси Гюнтер Плойгер пресс-конференция чакырып, Бириккен Улуттар Уюмунун эң жогорку органында үстүбүздөгү айда каралганы жаткан орчундуу маселелер менен тааныштырды. Алардын ичинде, арийне, Ирак проблемасы башкы тема катары аталды. Немец элчиси Ирактын маселеси кайсы жагына чечилери мындан аркы кырдаалга жараша болот, деп тактады. Иш кандай оролго түшөт, Плойгердин айтымында, бу көп жагынан аль-Барадей менен Бликстин Багдаддагы визитине жараша болот, анткени ошол сапардан кийин инспекция ишин улантуу жана аны ийгиликтүү аяктоо үчүн эмнелер зарыл болору айкындалат.

Германия Ирактагы согушка башынан эле активдүү каршы чыгып келатат. Канцлер Герхард Шрөдөр кала берсе өткөн аптада эле Төмөнкү Саксония жана Гессен жергесинде социал-демократтар жергиликтүү шайлоону оппоненттерине уттуруп жибергенден кийин деле мурдагы пикиринде калды. “Ирактагы согушту мыйзамдаштырган резолюцияны Германия колдойт деген ой кыялыңарга да келбесин, - деп эскертти ал. - Бу маселе боюнча өкмөттүн позициясы өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт”. Шрөдөрдүн коалициялык өкмөттөгү негизги өнөктөшү, немец тышкы иштер министри Йошка Фишер да ООНдун Коопсуздук кеңешиндеги жыйынга төрагалык кылганы шейшемби күнү Нью-Йоркко бир топ кыжаалат маанайда учуп келди. Жагдай башка болгондо ал муну сөзсүз Германия үчүн “тарыхый учур” деп атамак. Бирок бу жолу Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу, немец аналитиктеринин айтымында, ырасмий Берлинге кыйла эле кымбатка турчудай. Эмнеге дегенде төрагалык озуйпасын пайдаланып, Германия ООНдун жогорку органындагы он беш өлкөнүн позициясына баары бир таасир тийгизе албайт. ООНдун баш катчысы Кофи Аннандын мурдагы кеңешчиси, азыр Гарвард университетинде иштеп жаткан профессор Жон Ружжи канцлер Шрөдөр ички саясий иштерди өз колунда кармап турганы менен ООНдогу немец дипломаттарынын профессионализмине кандайдыр бир салака-сабырын тийгизе алары күмөн деп эсептейт. Эл аралык тынчтык академиясынын президенти, канадалык мурдагы дипломат Дэвид Малон болсо Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү кайсы бир маселеде таптакыр тил табыша албай калганда же тактикалык мүдөөдөн улам талашып-таңаша баштаганда гана калган утурумдук мүчөлөрдүн позициясы белгилүү бир мааниге ээ болорун эске салды. Бул жолку маселеде Британия менен Кошмо Штаттарына талап кылынган тогуз добуш топтоо чоң деле проблема эмес. Андан соң алар маселени вето салганга укугу бар беш мүчөнүн арасында өзүнчө талкуулап чыга алат. Андыктан Германия төрага катары Ирак проблемасында кеңештин он беш мүчөсүнө өз позициясын таңуулай албайт.

Бирок бул герман өкмөтү үчүн ири проблемага айланышы мүмкүн. Шрөдөр азыр, дрездендик эксперт Ханс Форлендердин ою боюнча, сөзүнөн кайтып, Иракка каршы аскери кампания баштаганга кошулушу керек же болбосо Германиянын саясий изоляцияда калышына кайыл болушу ылаазым. Бул ойду кубаттап, бонндук эксперт Франк Деккер да немец канцлери өзү туш болгон туюктан чыга албаса, анда ага жаңы коалиция түзүүгө, балким, атүгүл кызматын тапшырууга туура келип калышы мүмкүн экендигин эскертти. Айтмакчы, Пентагондун башкы кеңешчилеринин бири Ричард Перл ирак проблемасы боюнча Германия менен Франция келишпес позицияны карманып, жалпы Атлантикалык альянстын беделин катуу мертинтти деп билдирди. НАТОну блок катары сактап калуу үчүн, Перлдин пикири боюнча, эми аталган эки өлкөнү союздаштардын тизмесинен чыгарып салганга туура келет.

XS
SM
MD
LG