Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Транспорт жана байланыш министри «Манас» аба майданын


БИШКЕК. Кыргызстан аба байланышы боюнча буга чейин 23 өлкө менен макулдашуу түзгөн. Алдыда алыскы жана жакынкы 13 мамлекет менен өкмөт аралык макулдашуу түзүлөөрү күтүлүүдө. Кыргызстанда азыр 10 аба майданы иштеп жатат. Алардын негизгиси катары саналган «Манас» аба майданын реконструкциялоонун экинчи фазасы башталаар алдында турат. Аба майданынын навигатордук системасын жакшыртуу максатын көздөгөн бул реконструкциялоо ишине 20 миллион доллар талап кылынат. Аны финансылык жактан Япониянын Эл аралык кызматташтык фонду колдойт. Реконструкциялоонун биринчи фазасы ушул эле фонддун берген 40 миллион доллар каражатынын эсебинен 1996-жылдан тарта ишке киришкен. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин 2002-жылды жыйынтыктоо боюнча 5-февралдагы отурумунда айтылды. Министр Кубанычбек Жумалиевдин билдиргенине караганда, азыр «Манас» аба майданы мүмкүнчүлүгү жагынан КМШ мамлекеттериндеги аба майдандарынын ичинен үчүнчү орунда турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG