Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Кыргызстандын Акыйкатчысынын «Вечерний Бишкек» гезитине каршы доо арызы дагы кийинкиге жылдырылды


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту Кыргызстандын Омбудсманы Турсунбай Бакир уулунун «Вечерний Бишкек» гезитине каршы берген доо арызынын негизинде сот ишин 20-февралда баштайт. Турсунбай Бакир уулунун суранычынын негизинде сот ушундай чечимге келди. Сот иши ушуну менен ар кандай себептерге ылайык январь айынын ичинде үч жолу кийинкиге жылдырылды. Сот отурумунун акыркы ирет февраль айынын этегине которулушуна Омбудсмандын Европага иш сапары менен кеткендиги негиз берди. Турсунбай Бакир уулу өзүнүн жеке арнамысына жана «жалпы эле Акыйкатчы институтуна шек келтирди» деген доонун негизинде «Вечерний Бишкек» газетасын жана анын башкы редактору Ольга Безбородова менен кабарчысы Данияр Каримовду сотко берген. Ага гезитке жарыяланган «Демократия күтүп жатып жетти. Жаңы прокурорго…» («Демократия дождалась. Нового прокурора…») жана «Аль-Каида Кыргызстанда » («Аль-Каида в Кыргызстане») аттуу макалалар себеп болгон. «Вечерний Бишкектин» башкы редактору Ольга Безбородова доогердин моралдык чыгым үчүн гезиттен канча каражат талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат жок экенин 5-февралда билдирди. Ал эми Турсунбай Бакир уулу авторлордон жана гезиттен 20 миллион сом айыппул өндүрүүнү соттон суранып жаткандыгын мурда маалымдаган.

XS
SM
MD
LG