Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин делегациясы Орусиянын Сибирь регионунда жүрөт


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин орун басары Зафар Хакимов башында турган топ бул күндөрү Орусиянын Сибирь федералдык округунда иш сапары менен жүрөт. Алардын максаты - бул региондогу кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугушуп, аларга Орусиянын «Чет мамлекеттик жарандардын Орусия Федерациясындагы укуктары жөнүндөгү» мыйзамды түшүндүрүү. Кыргызстандык делегация Сибирь регионундагы 8 ири шаарда болот жана 20-февралдан кийин кайтып келет. Бул тууралуу шаршембиде миграция департаментинин кызматкери Каниза Иязалиева билдирди. Буга чейин Зафар Хакимов башында турган топ ушундай эле максат менен Орусиянын Урал округун кыдырып келген. Айрым маалыматтар боюнча Орусияда 300 миңден 500 миңге чейин кыргызстандык эмгек мигранттары бар.

XS
SM
MD
LG