Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Югославия федерациясы мындан ары Сербия жана Монтенегро деп аталат


Югославия парламенти 4-февралда өлкөнүн жаңы конституциясын кабыл алды. Ага ылайык, Югославия федерациясы жоюлуп, өлкө мындан ары "Сербия жана Монтенегро" деп аталат. Бул кадам - мурдагы федерациядан калган эки өлкөнүн биримдигин жок кылбоого багытталган чара, бирок үч жылдан кийин Сербия жана Монтенегро ар бири эгемендүүлүк боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө укуктуу. Азыр деле алар өз алдынча мамлекеттер сыяктуу аракеттенет, алардын коргонуу жана тышкы иштер маселелерин гана чакан сандагы бирдиктүү администрация чечет.

XS
SM
MD
LG