Израил аскерлери 5-февралда Газа тилкесиндеги бир палестин жоокеринин үйүн түрттүртүп салды. Жоокер өзү 2000-жылы атып өлтүрүлгөн, ал эми азыр үйдүн урандылары астында калып, анын өгөй энеси да каза болду. Израил өкмөтүнүн айтымында, палестин жоокерлеринин үйлөрүн жок кылуу - алар тарабынан жүргүзүлүп жаткан террорду басаңдатат. Бирок адам укуктарын коргогон уюмдар Тель-Авивдин мындай саясатын катуу сынга алууда. Йордан дарыясынын батыш жээгинде болсо, Израил аскерлери 5-февралда бир палестин жоокерин өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылды. Аскерлердин айтымында, жоокерлер аларга каршы ок атып, качып жөнөгөн жана токто деген буйрукка моюн сунбаган.