Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Орусия менен Пакистандын президенттери бүгүн Маскөө шаарында жолукту


Маскөөгө келген Пакистан президенти Первез Мушарраф 5-февралда президент Владимир Путин менен жолукту. Эки өлкө ортосундагы байланыштарды жана эл аралык маселелерди талкуулагандан кийин, эки тарап баңгичилик жана уюшулган кылмыштуулукка биргелешип аракеттенүү боюнча келишимге кол койду. Путин менен Мушарраф эл аралык терроризмге биргелешип күрөшүү жөнүндө да макулдашты, бирок ал тууралуу келишим түзүлгөн жок. Мушаррафтын айтымында, эки мамлекет ортосундагы мамилелерде жаңы доор башталды. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Александр Яковенконун пикиринде, Маскөө менен Исламабаддын ортосундагы мамилелердин жакшырганы - Пакистан менен касташ Индия менен Орусия арасындагы байланыштарга өз залакасын тийгизбейт.

XS
SM
MD
LG