Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Австралиянын премьери Ирак маселеси менен байланыштуу өлкө сенатынын ишениминен ажырады


Австралия парламентинин өйдөкү палатасы 5-февралда премьер-министр Жон Ховарддын ишин талкуулап, ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Сенат негизинен Ховарддын Ирак маселеси боюнча саясатын сынга алууда, бирок парламенттин ылдыйкы палатасы премьерди колдоп чыкты. 4-февралда Ховард атайын билдирүү жасап, Иракка каршы күч колдонуу үчүн Бириккен Улуттар тарабынан ноябрь айында кабыл алынган чечим деле жетиштүү деп билдирген. Австралия парламентинин 100 жылдан ашык тарыхында буга чейин бир да премьер-министр сенаттын ишенимин жоготкон эмес. Анткен менен өлкө өкмөтү, мурда кабыл алынган чечимге ылайык, Перс булуңуна эки миң аскер жиберүүгө даярданууда.

XS
SM
MD
LG