Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

ВАШИНГТОН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ИШЕНДИРЕ АЛГАН ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага Шаршемби күнү АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөп, Ирактын кыргын салуучу куралдары бар экенин далилдегенге аракеттенди. Бирок анын сөзү кеңешти Иракка аскердик чабуул жасаганга көндүрө алган жок. Кеңештин вето укугуна ээ мүчөлөлөрү БУУнун курал инспекторлору Ирактагы ишин улантууга тийиш деген чечимге келишти.

5-Февралда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Колин Пауэлл Ирактын массалык кыруучу куралдары бар экенин далилдегенге аракеттенди. Кеңештин мүчөлөрүнө ирактыктардын тасмага жазылып алынган күбө көрсөтмөлөрү, телефон сүйлөшүүлөр, спутниктен тартылып алынган 30дан ашуун шектүү объектилер көрсөтүлдү. Америкалык министр ошондой эле чалгындоо агенттиктери топтогон бир топ маалыматты ортого салып, Ирак массалык кыргын сала ала турган куралды жасап чыгаруунун жуп алдында турганын баса белгиледи:

"Саддам Хусейин ядролук бомбанын үч компонентинин -экөөнү чыгарганга жетишти. Анда коркунучтуу куралдын конструкциясы бар. Ирак андай куралды жасай ала турган бир топ кадраларга да ээ. 98-жылдан бери ал бомбанын үчүнчү эң маанилүү –жардырууну болтура турган компонентин жасоонун үстүндө иштеп жатат.

Ошондой эле Ирак массалык кыруучу куралдарын инспекторлордон ала качып, улам башка жерге которуп катып жатканын кошумчалады.

Пауэллдин сөзү жарыяланаар замат Израилдин тышкы иштер министри Беньямин Нетаньяху Пауэлл өз сөзүндө Израилдин чалгындоо кызматы топтогон маалыматтарга таянганганын жана жөөт өлкөсү АКШга андай маалыматты көптөн бери тынбай берип келатканын белгиледи. Ал эми Израилдин Хаарец деген күндөлүк гезити 6-февралдагы санында АКШ менен Израилде андан да орчундуу маалыматтар бар экенин, бирок Пауэлл Иракта иштеп жаткан тыңчыларга залал келтирбеш үчүн, ал маалыматты атайылап ачыктабаганын белгиледи.

Бирок саясий комментаторлор Пауэллдин сөзүндө ооз ачырып, айраң калтырган жаңылык болбогонун белгилеп, азырынча жашырып калган маалыматта да адаттан тыш фактылар келтириле койбой турганын боолголошот. Америкалык министрдин сөзү Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө да Вашингтон каалагандай таасир калтырбады. Кеңеште вето укугуна ээ Орусия, Кытай жана Франция курал инспекторлорунун иши тоскоолсуз улантылууга тийиш деген пикирин билдиришти. Франция менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Доминик Вилепин менен Игорь Иванов ал тургай инспекторлордун иши күчөтүлүшү керек деген пикирин билдирип, аларга техника жагынан жардам сунуш кылышты. Пауэллдин сөзүнө удаа Германия эгерде Иракка чабуул койуу маселеси кеңеште колго койулса, каршы добуш бере турганын кайталады. Ал эми Белгия болсо курал инспекторлорунун иш мөөнөтүн узартууну талап кылды. АКШнын эң жакын шериктиринин бири - Натого мүчө Түркия Иракка каршы ыктымал баштала турган согушка техникалык жана ооруктук жардам бере турганын, бирок согуштун өзүнө катышпай турганын кайталады.

Европанын таасирдүү өлкөлөрүнүн мындай туруму Вашингтонду кабатыр кылбай койгон жок. АКШнын коргоо министри Дональд Расмфельд: "Европа континентиндеги гравитациялык борбор эски өлкөлөрдөн чыгышты карай жылды, АКШны эски Европа колдбосо,Чыгыш Европа өлкөлөрү колдойт" деп билдирди. Муну менен ал шаршемби күнү АКШга колдоо билдиришкен Мажарстан, Польша менен Чехияны алдыда ыктымал боло турган согушта таянчык кыла турганын кыйытты.

Коопсуздук Кеңешиндеги дебаттар Ирак маселеси боюнча жиктелүү барган сайын тереңдеп баратканын айгине кылды. Европанын позициясын түшүнүүгө болот. АКШдан айырмаланып Европа Ирактын колтугунда жайгашканын жана Иракка пландаштырылып жаткан согуш ырбап кетсе, андан биринчи кезекте Европа жабыр тартаарын эстен чыгарбоо абзел. Муну европалыктарга бая эле ачык түшүндүргөн Ирак анын биринчи жооп соккусу Израилге мээлене турганын, ал эми Ирактын түндүгүндөгү де-факто автономдуу болуп алган күрт региондору дагы бир Косово болуп кала турганын эскерткен.

Айрым саясий байкоочулар Ирак курулай коркутуп-үркүтүп жатпаганын айтышат. Пакистан менен Индинын колунан келген ядролук куралды Ирак жасай элек дегенге болбойт. "Андай ракеталар Иракта эчак эле жасалды жана алар Израилге эле эмес, Европага да учуп жете алат!"- дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG