Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Италия премьер-министри жай айларында Казакстанга келет


5-февралда Рим шаарында Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккандан кийин, Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони үстүбүздөгү жылдын жай айларында Казакстанга бара турганын жарыялады. Берлусконинин айтымында, ал өзү менен кошо жоон топ италиялык бизнесмендерди да ала барат. Италия өкмөтүнүн башчысынын пикиринде, Кытай менен Иранга жакын Казакстандын кийим тигүү жана башка өндүрүштү өнүктүрүү багытындагы келечеги кең. Дүйшөмбү күнү Италияга келген Назарбаев өлкөнүн президенти менен да кездешти жана эртең Папа Иоанн Павел Экинчи менен жолугууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG