Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Ооганстандагы эл аралык аскерлердин башчысы алмашууда


Ооганстанда тартип сактаган эл аралык аскерлердин башчысы алмашууда. Келерки дүйшөмбүдөн тартып бул кызматты азыркы башчы, түркиялык генерал Хилми Аким Зорлу Алманиядан келген генерал Норберт ван Хейстке өткөрүп берет. Генерал Зорлу 6-февралда атайын билдирүү жасап, эл аралык аскерлер Ооганстандан чыгарылып кетсе, өлкөдө анархия башталат деп билдирди. Генералдын айтымында, эл аралык аскерий көзөмөлгө Ооганстан дагы кеминде эки жылга муктаж. Өлкөдөгү тартипти азыр 22 мамлекеттен келген төрт миңге жакын аскер көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG