Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

Түркия өкмөтүнүн айтымында, Ирак согушуна түрк аскерлери катышпайт


Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл 6-февралда атайын билдирүү жасап, эгер Иракка каршы согуш башталса, түрк аскерлери ага катышпайт деп билдирди. Түркия парламенти бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын өтүнүчүн карап, аны жактырууну пландаштырууда. Вошингтондун суранычы боюнча, америкалык аскерлер Түркиянын аскерий базаларына барып, аларды жогорку даярдыкка келтирүүгө тийиш. 18-февралда болсо, Түрк парламенти эгер Иракка каршы согуш башталса, Түркиянын аскерий базаларын америкалык аскерлердин пайдалануусуна берүү маселесин кароого тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG