Иракка каршы мүмкүн баштала турган согуш менен байланыштуу, Улуу Британия Перс булуңуна өз аскерлерин жиберүүнү улантууда. Өлкөнүн коргоо министри Жефф Хун 6-февралда парламентке билдиргенге караганда, жакында аймакта жүзгө жакын британиялык учак жана алар менен кошо жети миң аскер жайгаштырылат. Өкмөт мурда жарыялаган маалымат боюнча, бардыгы болуп Перс булуңунда 17 аскерий кеме жана 30 миңге жакын британиялык аскер топтолот.