Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Ирак кризисин НАТО уюму да талкуулоодо


6-февралда НАТО уюмунун Ирак маселесине арналган жыйыны башталды. Уюмдун башкы катчысы Жорж Робертсондун айтымында, Ирак маселеси боюнча НАТОнун ичинде дагы, НАТО менен Европа Биримдиги ортосунда да эч кандай орчундуу пикир келишпестиктер жок. НАТОго мүчө мамлекеттердин элчилери Брюссель шаарындагы жыйында, башка маселелер арасында, Түркияны коргоо проблемасын да карайт. Кээ бир эксперттердин айтымында, эгер Иракка каршы согуш башталса, аны менен чек аралаш жана НАТОго мүчө Түркия коркунучка кептелиши мүмкүн. Бирок Алмания, Бельгия, Люксембург жана Франциянын айтымында, эл аралык инспекторлор Ирактагы ишин аяктап бүтө электе Түркияны коргоо чараларын көрө баштоо эртелик кылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG