Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Словения менен Румыниянын айтымында, Ирак алардан өзөктүк технология сатып алууга аракеттенген


Словениянын тышкы иштер министрлиги 6-февралда жарыялаган билдирүүгө караганда, Ирак өкмөтү 1999-жылы Словениянын фирмаларынан уранды байытуу технологиясын сатып алууга аракеттенген. Румыниянын тышкы иштер министри Мирча Жоананын айтымында, андай технологияны Румыниядан сатып алууга Ирак 1995-, 1996- жана 1999-жылдарда аракет кылган. Эки өлкөнүн тең коопсуздук кызматтары андай аракеттердин алдын алган. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымына караганда, өзөктүк курал өндүрүү үчүн, Ирак өкмөтү алдыңкы технологияларды Индия, Орусия, Румыния жана Словениядан сатып алууга аракеттенген.

XS
SM
MD
LG