Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

К.ПАУЭЛЛ: ИРАК - “АЛЬ-КАИДАНЫН” АБАГАЙЫ


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги докладында Ирактагы режим “Аль-Каиданын” террористтерине ачык колдоо көрсөтүп жатканы үчүн айыпталды. Америкалык чалгындоо мекемелеринин маалыматтары боюнча, Иракта ушу тапта бин Ладендин жакын шакирттеринин бири аль-Закаринин террористтик тобу иш жүргүзүп жатат. Багдаддын ырасмий өкүлдөрү Иракта “ал-Каиданын” эч кандай өкүлдөрү жок дешет.

Ооганстанда очогу талкаланган соң “ал-Каиданын” бир катар жетекчилери, америкалык мамкатчынын сөздөрү боюнча, Иракты байырлап,бу жерде “желесин” жая баштады. Ирак азыр бин Ладендин жакын жардамчысы жана шакирти, “ал-Каиданын” башкы адыйларынын бири Абу Муса аль-Закари жетектеген террордук топко колдоо көрсөтүп жатат, деп айтты Пауэлл. Аль-Закарини айрымдар “ал-Каиданын” Европа боюнча регионалдык жетекчиси болгон дешет, экинчи бирөөлөр аны “алькаидачылардын” химиялык жана биологиялык курал жасаган башкы адиси деп эсептешет. Америкалык чалгындоо органдары анын сары изине чыгып, колго түшүргөнгө аракет жасаган, буга айрым арап өлкөлөрүн жардамга тарткан. Бирок бин Ладендин башкы найыбы азырга чейин тузакка илинбей жүрөт. Америкалыктардын соңку маалыматтары боюнча, аль-Закари “ал-Каиданын” Ооганстандагы химиялык лабораториясын Иракка көчүрүп келип,бул жерде жаңы лагер түзгөн жана азыр террористтерди ургаалдуу түрдө машыктырып жатат. Коопсуздук кеңешинде Пауэлл Ирактын түндүк-чыгышындагы бир ишкананын фотосүрөтүн көрсөтүп, аны химиялык фабрика деп атады. Дал ушул жерде террористтердин заказы боюнча уулуу заттар, жардырма дүрмөттөр жасалат. Аль-Закари атүгүл өз адамдарын рицин жана башка апааттуу заттарды даярдоо ыкмасына үйрөткөнгө үлгүрдү. "Ал-Каиданын" Багдадда башпаанектеген бул бөлүмдөрү, Пауэллдин сөздөрү боюнча, калган-каткан адамдарын чогултуп, аларды акча, зарыл башка каражаттар менен жабдыганы бүткүл Иракта жигердүү аракеттенип, сегиз айдан бери ээн-элкин иш жүргүзүп жатышат. Ирак мындан тышкары террористтерге, алардын үй-бүлөсүнө материалдык-финансылык жактан көмөк көрсөтүүдө. Мамлекеттик катчы келтирген маалыматтарга караганда, “ал-Каиданын” топтору Ирактын түндүгүндөгү райондордо да активдеше баштады. Аталган райондорду негизинен күрттөр тургундаганы менен калк арасындагы тыңчылары аркылуу Багдад “алькаидачылардын” иштеринен кеңири маалымдар болуп турат. Бул топтордун иши Ирак менен эле чектелбейт, алар Грузияда,Чеченстанда,Түндүк Африкада жана Европада аракеттенип жатышат. “Ал-Каидачыл” активисттердин арасынан мамлекеттик катчы өз сөзүндө Абу Хафас аттуу арапты атады. Ал Грузиянын Панкиси капчыгайындагы куралдуу топторго кошулуп,аларга активдүү акцияларды өткөргөнгө жардамдашууда. Андыктан Ирак аль-Закарини жана анын тарапкерлерин калкалап жатканы эч кимди таң калтырбайт, деп айтты мамлекеттик катчы. Ирак менен “ал-Каиданын” мамыр-жумур мамилеси мындан он жылдай мурда башталган. Атап айтканда, 90-жылдын биринчи жарымында,бин Ладен Суданда жүргөн кезде эки тараптын чабармандары аркылуу Саддам Хусейн менен жең ичинен бүтүм түзүлгөн. Ага ылайык Багдадга кастарын тиккен активисттерден “ал-Каида” кол үзгөнгө милдеттенген. Бул тууралуу америкалык чалгындоо мекемелерин учурунда “алькаидачылардын” арасында иштеген жалданма жансыздар кабарлашкан. Ал эми бин Ладендин өзү жөнүндө болсо, ЦРУнун маалыматтары боюнча, Ирактын атайын кызмат өкүлдөрү аны менен көзмө-көз жолугушкан эмес,бирок анын ишенимдүү кишилери менен сегиз ирет кездешип,тымызын сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бул иште Ирак өзүнүн Пакистандагы элчилигин активдүү пайдаланган.

Колин Пауэллдин докладындагы бул маалыматтар Ирактан башка өлкөлөрдүн олуттуу каяшасын пайда кылган жок. Испаниянын премьер-министри Хосе Мариа Аснар Ирактын террористтик топтор менен байланышы бар экенин кадиксиз чындык деп атады. Аснар келтирген маалыматтар боюнча,”ал-Каиданын” химиялык куралдар боюнча башкы жетекчиси Ооганстандан качып,Багдадга келген. Бирок бул жерде ал бат эле изин жашырып,ың-жыңы чыкпай калган. Аснар жакында Британияда жана Испанияда кармалган “алькаидачыларды” аль-Закаринин адамдары болуу керек деп болжолдоду. Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов болсо америкалык мамкатчынын докладында айтылган маалыматтардын баарын Ирактагы инспекторлор таптиштеп, тастыктоого тийиш деп эсептейт. Ал эми террористтердин түндүк Кавказдагы иш-аракеттери тууралуу кептерди ал күмөн санатпаган фактыдай кабыл алды.

Багдаддык вице-президент Таха Ясин Рамадан “ал-Каида” менен Ирактын алакасы жөнүндөгү кептерди жөө жомокко жоруду. Бирок өлүмгө башын байлаган андай адамдардын отряддары эми пайда болушу мүмкүн, деп эскертти ал. Шахиддер,найып- президенттин сөздөрү боюнча,америкалыктарга каршы урушта Ирактын эң коросон куралы болуп калмакчы.Рамадан ошондой эле шахиддер душман менен Ирактын өзүндө эле эмес,андан сырткары жерлерде да согушканга азырланып жаткандыгын ырастады.

XS
SM
MD
LG