Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

«Кыргызбасмасөз» ишканасынын Жалалабаддагы жетекчисинин орун басары облустук «Дил» гезитинин кабарчысын сотко берди


ЖАЛАЛАБАД. «Кыргызбасмасөз» ишканасынын облустагы башчысы Майрам Кадыркулова 6-февралда анын орун басары Жеңиш Мукалаев Жалалабад шаардык сотуна доо арыз тапшыргандыгын маалымдады. Ж. Мукалаевдин арызына 2001-жылы мугалимдердин облустук «Дил» гезитине чыккан «Калыбек Абыкаевдин арманы, Майрам кимди алдады» деген макала себеп болгон. Ал ««Ишкана менен ишкананын мурдагы бухгалтери Абыкаевдин соттошуусу бүтө элек» деп чыккан макала аялым экөөбүздүн ар-намасыбыз менен адамдык беделибизге шек келтирди» деп эсептейт. Ошондуктан Ж.Мукалаев гезит менен макала ээси Абдишарип Назарбаевден 4 млн. сом өндүрүп берүүнү жана макаланы төгүндөгөн маалыматты гезитте жарыялоону талап кылган. Журналист А. Назарбаев бухгалтер К. Абыкаевдин маалыматынын негизинде жазылгандыгын жана Абыкаев да Ж. Мукалаевди сотко берээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG