Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Өкмөт башчысы Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн айрым кызматкерлерине Ардак грамотасын тапшырды


БИШКЕК. Өкмөт башчысы Николай Танаев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу кеңсесинде иштеген өкүлдөрүн жана ал жердеги айрым кызматкерлерди 2002-жылы Кыргызстанда Эл аралык тоо жылын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак Грамотасы менен сыйлады. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, мындай сыйлык менен Бириккен Улуттар Уюмундагы орус радиосу кызматынын башчысы Евгений Менкес, БУУнун катардагы кызматкери Владимир Зеленов жана Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Камил Баялинов, анын кеңешчиси Алмаз Бийбосунов жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери Айбек Молдогазиев, Нуран Ниязалиев сыйланышты.

XS
SM
MD
LG