БИШКЕК. 2-февралда Нидерландынын Кыргызстанга жаңы келген ыйгарым укуктуу элчиси Петер ван Леувен президент Аскар Акаевге ишеним грамотасын тапшырды. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Петер ван Леувен буга чейин Нидерландынын Казакстандагы элчиси болуп эмгектенген. Ал эми Кыргызстан менен Нидерландынын ортосундагы дипломатиялык байланыш 1992-жылдан башталган. Нидерландынын Кыргызстандагы элчисинин башкы кеңсеси Казакстанда жайгашкан.