Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Аскар Акаев эл аралык Алматы конференциясына катышат


БИШКЕК. 13-февралда Алматыда Тынчтыктын жана ынтымактын эл аралык конференциясы болот. Конференциянын жыйынтыгында тынчтык жана ынтымак боюнча Хартия кабыл алынат. Эл аралык бул иш-чарага Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркия жана Ооганстан мамлекеттеринин башчылары катышат. Ал эми Кыргызстандан президент Аскар Акаев баш болгон делегациянын барышы күтүлөт. Делегациянын курамында тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова бар. Конференциянын алкагында президент Аскар Акаев Борбордук Азия мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын башчылары менен өз алдынча жолугушаары да болжолдонууда. Бул тууралуу 6-февралда тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG