Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Феликс Кулов референдумдун жыйынтыгы боюнча өз оюн билдирди


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов референдумдун жыйынтыгы боюнча өз оюн билдирди. Бул тууралуу партиянын штабына шилтеме берип, 6-февралда «Акипресс» агенттиги маалымат таратты. Анда Ф. Кулов бийлик президент А. Акаев алдын-ала берген тапшырманы так аткаргандыгын белгилейт. «А. Акаевдин эл алдында сүйлөгөндөрүнө караганда, элдин жакшы көрөөрүн кагаз жүзүндө бекемдөө ага зарыл болчу. Ага жетти, эми анын жалган-чынын далилдөө пайдасыз. Ошондуктан анын ишине ийгилик гана каалаш керек», дейт Кулов. Ошондой эле ал президенттин чукул референдум өткөрүшүнүн чыныгы максаты жакында белгилүү болоорун да эскерткен. «Арнамыстын» лидери жана мурдагы мамлекеттик жооптуу кызматкер Феликс Кулов Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан былтыр май айында он жылга эркинен ажыратылып, учурда Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG