Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РЕФЕРЕНДУМДУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛАШ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТУУДА


5-февралдын кечинде президент Аскар Акаев референдумдун жыйынтыгы боюнча калкка кайрылуу менен чыкты. Ал эми 6-февралда болсо Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штаб өз байкоолорунун корутундусун ачыкка чыгарды.

Кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу шаршембидеги кайрылуусунда президент Аскар Акаев 2-февралдагы добуш берүүгө шайлоочулардын 86,38% катышып, анын 76,36% Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын колдоого добуш бергенин айтты. «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды деп бүгүн ишенимдүү айта алабыз. Андыктан Кыргызстандын жалпы калкын бул даңазалуу окуя менен куттуктаймын», деди президент. Мамлекет башчысы Конституциянын жаңы редакциясын «туруктуу өнүгүү доорунун Башмыйзамы» деп атады. Президент өз кайрылуусунда оппозицияга карата пикирин да билдирди:

- Референдум баарын өз ордуна койду. Президенттин мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетишин талап кылгандардын саясий позициясы жөнсүз болуп чыкты. Кыргызстандын эли өзүнүн президентин колдоо менен биз бараткан жолду колдоп, аны жогору баалады.

Бирок 2-февралдагы референдумга көзөмөл жүргүзгөн, курамына 12 саясий партия, ондогон бейөкмөт уюмдар кирген коомдук штаб 6-февралда өз байкоолорунун корутундусун жарыялап, анда «2-февралдагы референдумга шайлоочулардын 40% гана келгендиктен референдум болбой калды» деп билдирди. Корутундуну көз карандысыз байкоочу Төлөкан Исмаилова жарыялады:

- Референдумдун жыйынтыгы бийлик тарабынан бурмаланды. Альтернативдүү маалымат булактарынан, көз карандысыз байкоочулардан жана жер-жерлерден түшкөн маалыматтарга таянган коомдук штаб, жарандардын бойкот жарыялап, добуш берүүгө катышпагандыгы жана бийликтин добуш берүүгө келгендердин санын жасалма түрдө көбөйтүшү референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз берет деп эсептейт.

Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Жыпар Жекшеев, Эмил Алиев, Төлөкан Исмаилова, Виктор Черноморец, Турсунбек Акун 6-февралда өткөрүлгөн маалымат жыйынында 2-февралдагы добуш берүүдө, референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү мезгилинде бийлик тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын фактыларын мисалга келтиришти. Маселен, Жалалабад шаарындагы бир студенттин колунан байкоочулар тарабынан алынган 50дөн ашуун таза бюллетендер, Бишкек шаарында 4 шайлоо участогуна барып добуш берип жүрүп кармалган Бактыбек Чодроновдун телетасмага сүйлөгөн сөздөрү, студенттерге жасалган басым, добуш берүүгө автобустар менен ташуу, штаб жетекчилерине байланыштуу кылмыш ишин козгоп жана башка көптөгөн мыйзам бузуулар жарыя кылынды.

«Бийликтин добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалагандыгын Орусияда жүргөн 500 миңдей Кыргызстандык эмгек мигранттарынын добуш берүүгө катышпагандыгы да далилдеп турат», деп белгилешти коомдук штаб жетекчилери.

Расмий бийлик жарыя кылган референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарган коомдук штаб азыркы кырдаалга байланыштуу беш бөлүмдөн турган сунушун жарыялады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG