Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

ИРАК МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА БИРИККЕН УЛУТТАРДА БИР ПИКИР ЖОК


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Ирак жөнүндө кошумча маалымат бергенине карабай, Кеңеш мүчөлөрү Ирак маселеси боюнча бир пикирге келе алган жок. Дүйнө мамлекеттеринин бир топ жетекчилери Иракка каршы согуш баштоого дагы эле каршы.

АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 5-февралдагы Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында бир жарым саат сүйлөп, спутник аркылуу тартылып алынган сүрөттөрдү көрсөтүп, аларды химиялык курал жыйылган кампалар деп айтты жана тасмага жазылып алынган Ирак жетекчилеринин шектүү сөздөрүн угузду. Пауэллдин айтымында, келтирилген далилдерди эч ким төгүндөй албайт жана алар Ирак өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин орчундуу түрдө бузуп жатканын ашкерелейт.

Жыйынга катышкандардын пикиринде, Пауэллдин доклады ушул эле Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде 1962-жылдын октябрында орун алган окуяга окшош болду. Бирок анда АКШнын өкүлү Адлай Стивенсон Куба аралында СССР орноткон ракеталардын сүрөттөрүн көрсөткөндө, Кеңеш мүчөлөрүнүн баары ага ынанган жана Маскөө өзөктүк согушка даярданып жатканы ашкере болгон. Маскөө 1983-жылы Алыскы Чыгышта кореялык жүргүнчү учакты атып түшүрүп, бирок аны танганда, ал кездеги президент Роналд Рейгандын өкүлдөрү Коопсуздук Кеңешине ал учакты атып түшүрүү боюнча орус учкучуна жерден берилген буйрук жазылып алынган тасманы угузганда да, Кеңеш мүчөлөрүндө ага ишенгенден башка арга калган эмес.

Азыр болсо, Пауэллдин билдирүүсүнөн кийин, Ирак маселеси боюнча эч кимдин мурдагы пикири өзгөргөн жок. АКШнын турумун мурдагыдай эле Австралия, Испания, Улуу Британия жана Чыгыш Европалык жумурияттар колдоого алууда, бирок Кеңештин үч туруктуу мүчөсү - Кытай, Орусия жана Франциянын пикиринде, Иракка каршы күч колдонууга жетиштүү негиз дагы эле жок жана эл аралык текшерүүчүлөр өз ишин улантууга тийиш.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынына төрагалык кылган Алманиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тыңчылар тапкан маалымат боюнча ал адис эмес экендигин белгиледи жана Пауэлл жарыялаган маалыматтарды эксперттер изилдөөгө тийиш деп билдирди. Канцлер Герхард Шрөдердин айтымында, Иракка каршы аскерий сокку урууга Алмания дагы эле каршы. Франциянын премьер-министри Жан-Пьер Рафарендин айтымында дагы, Иракка каршы күч колдонуу чечимин кабыл алууга али эрте:

- Биз согуш каалабайбыз. Биздин оюбузча, Ирактын куралдарын жок кылуу үчүн, согуштан башка да жолдор бар. Согуш - эң акыркы чара, ошондуктан биз андан башка бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланууга тийишпиз. Ошол эле учурда, биз Ирактын куралсыздануусун да талап кылабыз.

Пауэллден кийин чыгып сүйлөгөн Ирактын Бириккен Улуттардагы өкүлү Мохаммед ад-Дуринин пикиринде, тасмага жазылып алынган Ирак жетекчилеринин сөздөрүн АКШ бурмалоо жолу менен да жасашы мүмкүн. Ирак президенти Саддам Хусейндин кеңешчиси Амир ас-Саади болсо, Пауэлл койгон күнөөлөргө Багдад расмий жооп кайтарат деп билдирди:

- Биз сөзсүз жооп кат жазабыз, ал катта Пауэлл койгон күнөөлөрдүн ар бири жокко чыгарылат жана ал биздин Коопсуздук Кеңешине жиберген расми жообубуз болот.

Бириккен Улуттардын инспекторлорунун жетекчиси Ханс Бликс жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мохаммед ал-Барадейи 6-февралда Лондон шаарында Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен жолукту, 8-февралда алар Багдадга келет. Текшерүүчүлөр болсо, 6-февралда Багдадда - Ирактын аскерий программаларына катышкан Синан Абдул Хасан аттуу илимпоз менен көзмө-көз жолугуп сүйлөштү. Буга чейин да инспекторлор Ирак окумуштуулары менен жолуккан, бирок анда дайым жыйынга Ирак коопсуздук кызматынын адистери катышчу. Ошондуктан, илимпоздор менен көзмө-көз жолугушуу өткөрүүгө Багдаддын макул болгону, эксперттердин айтымында, анын туруму жумшарганын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG