Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстанда «Жаңы конушчулар» партиясы тузүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда «Жаңы конушчулар» аттуу дагы бир жаңы саясий партия пайда болду. Бул тууралуу жума күнү партиянын башчысы Абыш Нургазиев билдирди. Юстиция министрлигинен 13-январда каттоодон өткөн бул партия Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда отурукташкан калктын муктаждыктарын бийликке жеткирүү жана алардын укуктарын коргоо максатын көздөйт. Партия лидеринин айтымында, азыр партиянын курамында 6 миң мүчө бар. 1989-жылдан бери «Жаңы конушчулар» бейөкмөт уюм катары иштеп келип, жакында партия болуп кайра түзүлгөн. Ал борборчул көз карашты жактайт жана өзүнүн катарын республиканын башка аймактарындагы жаңы конушчулардын эсебинен да көбөйтөт. А. Нургазиевдин айтымында азыр Бишкектин аймагындагы жаңы конуштарда эле 150 миңге жакын адам отурукташкан.
Акыркы болжолдуу маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстандагы саясий партиялардын саны 40тан ашты.

XS
SM
MD
LG